ЛОКОМОТИВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОКОМОТИВ (фр. locomotive, латынча loco moveo - ордунан жылдырам) - поезддерди рельс боюнча жылдыруучу сүйрөгүч машина. Аткарган кыз­маты боюнча жүргүнчү ташуучу, жүк ташуучу жана манёвр жасоочу болуп айырмаланат. Орнотул-

ВЛ10-289 локомотиви.

ган кыймылдаткыч түрү боюнча: паровоз, электро­воз (тиймектүү жана аккумулятордуу), тепловоз, газотурбовоз, мотовоз, ошондой эле айкалыштырыл­ган кыймылДаткычтуу - дизель-электровоз, теплопаровоз ж. б. болуп бөлүнөт. Ошондой эле Л-дин функциясын дизель поезд менен электропоезддин мотордуу вагону (электр­жана дизельпоезддер) жана дрезина аткарат. Аткарган жумуштун түрү боюнча магистралдык (жүргүнчү, жүк ташуучу,

ма­нёвр жасоочу), ө. ж-лык (заводдун, кен чыгуучу шахталардын ичинде иштейт) болот.