ЛОКАУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОКАУТ ( англ. lock out - алдынан эшик жа­буу) - жумушчуларды массалык түрдө иштен айдоо же ишкананы жабуу; ишкана ээлеринин убактылуу жумушту токтотушу же өндүрүш көлөмүн кыскартышы. Л. негизинен ишкердин, жумушчулардын иш таштоосуна жана ыгы жок талаптарына ылайык каршы уюштурган чара­сы болот. Ал жумушчуларга эмгек акы төлөбөй, кандайдыр бир деңгээлде кысым көрсөтүү үчүн уюштурулат.