ЛОДЖИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОДЖИЯ (итал. loggia - беседка) - имараттын жалпы көлөмүнө кирген, сырткы мейкиндик­тен арка, колоннада же парапет менен тосулган, жабылма балкон же кирүүчү жер катары кыз­мат кылган жай. Галерея тибиндеги бир же бир нече жагынан ачылган имарат да Л. деп аталат (мисалы, Флоренциядагы ден Ланци Л-сы, 1376-80).