ЛОГОТИП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОГОТИП (грекче 16^08 - сөз, 1уроз - из, так) - ишкананын өз товарларын (продукциясын) мар­калоо үчүн колдонуучу фирмалык белгиси (сүрөт, жазуу ж. б.). Термин 19-к-да өндүрүштүн, өн­дүрүлгөн продукциянын, экспорттун жана атаан­даштыктын өнүгүшүндө пайда болуп, эки же үч типогр. белгинин биригишин билгизген. Алгач­кы Л. 1896-жылы (РгийепНа! Тпзигапсе кампания­сынын) жарык көргөн. Л. - кампаниянын ка­дыр-баркынын негизги элементтеринин бири. Ал биринчи кезекте кампаниянын рынокто өзгөчөлөнүшүнө өбөлгө түзөт. 0. эле Л. бир тар­мактагы ар түрдүү фирмаларды айырмалайт жана товар сапатына кепилдик берген соода бел­гисин алып жүрөт. Түрлөрү: графикалык ори­гиналдуу чийме, фирма белгиси, фирмалык блок ж. б. Кыргызстанда ишканалар да Л-ти кеңири кол­донушат.