ЛОГИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОГИСТИКА - керектөөчүлөрдүн талаптарын оптималдуу түрдө канааттандыруу үчүн өлкө ичинде жана тыштан келген материал, товар, финансы, маалымат ж. б-ды агымдарын көзө­мөлдөөчү, уюштуруучу жана пландаштыруучу башкаруу иш-чаралары. Ал өзүнө адаттагы ма­селелерден (камсыз кылуу, транспорт операция­лары) тышкары өндүрүштөгү запас менен материал агымдарын башкарууну, ошондой эле жайылтуу жер­лерде товарды сактоо жайына жайгаштырууну, туристтик жана мейманканалык бизнестеги сер­висти ж. б. жагдайларды камтыйт. Анын стра­тегиясына жеткизүү жана сатып алуу пландарын түзүү; өндүрүш ичиндеги агымдардын майнап­туулугун камсыз кылуу; жаңы товар жана таңгак түрлөрүн түзүү ж. б. кирет. Азыркы учур­да Л-нын сервисти ж. б. иш-чараларды жо­горку деңгээлде уюштуруучу жаңы түрү өнүгүү­дө. Ошондой эле рынок мамилелеринин ааламдашуу шарттарында Л-нын жаңы «Маке ог Ьиу» («Жаса же сатып ал»), «-Тиз! ш Ише» («Өз убагында»), ЗРЬ-провайдер (ТЫгФ Раг1у Ьо^гзИсв - үчүнчү жактын Л-сы) системалары да калыптанууда.