ЛОГИКАЛЫК ЖАНА ТАРЫХЫЙЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОГИКАЛЫК ЖАНА ТАРЫХЫЙЛЫК - фило­софия теориясынын өзөктүү түшүнүктөрү. Фи­лософия тарыхында Л. ж. т-тын өз ара каты­шы жөнүндөгү маселеге биринчи жолу Аристотель кайрылган жана булардын катышын акыл-эс менен сезим кабылдоолорунун шайкештиги ката­ры түшүндүргөн. Л. жылы туулган проблемасына кийин­черээк Г. В. Гегель, К. Маркс, А. Грамши ж. б. кайрылышкан. Азыркы кездеги философиялык адабияттар­да Л. жылы туулган маселелери ар кыл ыңгайда кара­латынча Онтол. аспектте: тарыхыйлык - нерсенин пайда болуу, калыптануу, жетилүү, башкача айтканда бүткүл өнүгүү процессин камтыйт. Ал эми логикалык болсо, нерсенин тарыхын, басып өткөн жолу­нун кыскартылган, ыраатталган (теориялык) түрдө көрсөтүлүшү. Ошондуктан Л. жылы туулган - тарыхый өнүгүүдөгү объективдүү дүйнө менен анын тааным чагылышынын ортосундагы байланышты мүнөз­дөөчү философиялык категориялар. Булар - өнүгүүнүн маанилүү жагын, ошондой эле ойлоонун логикалык жүрүшү менен нерсенин реалдуу тарыхынын орто­сундагы шайкештикти ачып берүүчү түшүнүктөр.