ЛИЦЗЯН
ЛИЦЗЯН - Кытайдын түштүгүндөгү шаар. Юньнань провинциясында. Цзиныпацзян (Янцзы жог. агымында ушундайча аталат) д-нын алабында жайгашкан. Калкы 170,8 миң (2009; шаарга караган 4 уезд, анын ичинде 2 автомномиянын калкы менен бирге 1,2 миллион). Автомобиль жолу аркылуу Куньмин, т. ж. аркылуу Дали ш. менен байланышат. Аэропорту (шаардан 28 км) бар. Сун династиясы бийлик кылып турган мезгилде пайда болгон. 1996-жылы февралда болгон жер
титирөөдө катуу жабыркап, тарыхый бөлүгүнөн башкасы кайрадан курулган. Шаардын эски бөлүгү (аянты 3,8 км2) Юйлуншань тоосунун этегинде 2400 м бийиктикте жайгашкан. Анда көптөгөн каналдар тармагы 354 көпүрөсү менен курулуп, көлмө жана кудуктар менен коштолот. Мин династиясы учурундагы курулуштар басымдуу. Көчөлөрүнө кооз таштар төшөлгөн. Эски шаардын түндүк бөлүгү - соода борборунда 3
ярустуу дарбазасы менен Сыфанцзе башкы аянты бар. Хейлунтань паркында Уфын пагодасы (1601), Шицзышань паркында 40 кипарис (жашы 800 жыл) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Жеңил, тамак-аш ө. ж., курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. Шаардын четинде жылкы асыроо, салт болуп калган кол өнөрчүлүк (күмүштөн, жезден зер буюмдар жасоо, терини өңдөп, ашатуу) өнүккөн. ИИИ, музей, Юйлуншань тоосунда астрономиялык обсерватория (3193 м бийиктикте; линзасынын диаметри 2,4 м; эң ири телескоп) бар. Ботаникалык бак (2680-4300 м бийиктикте, аянты 279 га; 4 миңден ашык бийик тоолуу флоранын түрү кездешет) уюштурулган. Л-нын чеке-белинде көптөгөн археол. объектилер кездешет. Туризм өнүккөн.
