ЛИТОСТРАТИГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТОСТРАТИГРАФИЯ - бөлүккө бөлүү жана кор­реляция кылуу максатында геол. кесилиш-тер­дин курамынын литол. өзгөчөлүктөрүн изилдеген стратиграфиянын бөлүгү. Л. термини 1950-жылы АКШда колдонула баштаган. Немис геологу 0. Шиндевольф (1970) Л-ны стратигр. изилдөө­лөрдүн баштапкы стадиясына койгон. Л. тер­мини биринчи эл аралык стратигр. сөздүктү даярдоодо (1976) стратиграфиянын биострати­графияга жана хроностратиграфияга карама­каршы келген өзгөчө бөлүмү катары аныктал­ган. Л-лык бөлүнүштө төшөлгөн жана жапкан катмарлар литол. белгилер (тек курамы, өңү, катмардуулук мүнөзү, конкреция саны, организ­мдердин тек пайда кылуучу калдыктары) менен бөлүнгөн чөгүндүлөрдүн кесилиштерин катмар­ларга жана катмар тобуна бөлөт. Натыйжада чектеш жана бири-биринен алысыраак жайгаш­кан геол. кесилиштер салыштырылат. Мында маркирленген горизонтторду бөлүү жана байкоо өзгөчө мааниге ээ. Л-лык түрдүү даражадагы бөлүнүштөргө комплекс, топ, формация (негиз­ги бирдик), пачка, пласт ж. б. кирет. Л-лык бөлүнүштөр талаа изилдөөлөрүндө ажыраты­лып, геол. карта түзүүдө колдонулат.