БАТАК ТИЛДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 24 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТАК ТИЛДЕРИ – австронезия тил уясына кирген тектеш индонез тилдеринин тобу. Негизинен, тоба, ангкола-мандайлинг, сималунгун, каро Батак тилдерине кирет. Алар латын алфавитин колдонушат. Суматра аралынын түндүгүндөгү (Индонезия) элдердин тобу (батактар), башкача айтканда 3,4 млндон ашык киши батак тилинде сүйлөшөт.