ЛИВИНГСТОН (шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИВИНГСТОН - Замбиянын түштүгүндөгү шаар. Түштүк провинциясынын администрациялык борбору. Зам­бези дарыясынын боюнда, Виктория шаркыратма­сынан 11 км аралыкта жайгашкан. Калкы 133,8 миң (2010). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1905-жылы негизделген. Шаардын тарыхый бөлүгүндө колониялык мезгилдин ку­рулуштары (XX кылымдын 1-жарымы) сакталган. Ма­шина куруу (автомобиль, трактор жана башка техни­каларды кураштыруу), жыгаччылык, женил, тамак-аш, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Ливингстондун аймагына (Замбези дарыясына) Гидро электр станциясы курулган. Педагогикалык коллеж, улуттук музей (1934; археология, эт­нография, тарых, африкалык искусство, Д. Ливингстон­дун өздүк буюмдары), Марамба маданий борбо­ру (ачык асман алдындагы этнографиялык музей) бар. Ливингстон - туризмдин борбору. Шаарга жакын жерде Моси-оа-Тунья улуттук паркы жана Виктория шаркыратмасынын (туристтик комплекс

уюш­турулган) бир бөлүгү Буткул дуйнөлук мурас­тын тизмесине киргизилген. Шаар саякатчы Д. Ливингстондун урматына аталган.

Ливингстон шаары