ЛЕОН (Мексика)
ЛЕОН Л е о н-д е-л о е-А л д а м а - Мексиканын борборунда жайгашкан шаар, Гуанахуато штатында. Мексика тайпак тоосунун түштүгүндө, дениз деңг. 1885 м бийиктикте, Турбио
д-нын боюнан орун алган. Калкы 1,2 миллион (2010; шаар айланасы менен 1,7 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн булгаары-бут кийим ө. ж-нын [негизги ишканасы «Calzado Pinto» (балдардын жана жаштардын бут кийимдери), «Calzado Yeltat S. A. de C. V.» (аялдар менен эркектердики) ж. б. компаниялар] башкы борбору. Тери ашатчу жана иштетүүчү ишканалары өнүккөн. Тамак-аш - татымал (пиво кайнатылат, суусундуктар), текстиль, металл иштетүү, химиялык, целлюлоза-кагаз, эмерек, айнек ө. ж. ишканалары иштейт. Техникалык май өндүрүлөт. Кафедралуу базилика собору (19-к.), чиркөөлөр, саат мунарасы (19-к-дын 2-жарымы), муниципалитет (1867-69), Кальсада-де-лос-Эрос капкасы, (1893) ж. б. сакталган. Университеттер, институттар, эл аралык туризм мектеби, бир нече илимий борбор, музейлер, китепканалар бар. Жыл сайын көргөзмөярмаркалар, «Ралли Мексика» автомобиль жарышы өткөрүлүп турат. Зоопарк уюштурулган. Туризм өнүккөн. Испандар тарабынан 1576-ж. негизделген.
