ЛЕНИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНИН (2009-жылдан расмий эмес түрдө Р а з­з а к о в деп аталат) - Баткен обл-нун Лей­лек р-нундагы кыштак. Кулунду айыл айма­гына караштуу. Деңиз деңгээлинен 577 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 45 км түндүк-чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажикстан) 21 км. Кыштак 1954-ж. негизделген. Калкы 3654 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар. Кыш­такта мамлекеттик ишмер И. Раззаков туулган.