ЛИТВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТВА, Литва Республикасы­Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Лат­вия, чыгышынан жана түштүгүнөн Беларуссия, түштүк-батышынан Полыпа жана Россия (Калинин­град обл.) менен чектешет. Батышынан Балтика деңизи жана анын Курши булуңу менен чулганат.

Аянты 65,3 миң км2. Калкы 3,3 миллион (2010). Борбору - Вильнюс. Расмий тили - литва тили. Акча бирдиги - лит. Администрациялык-аймактык жактан 10 уезд­ге бөлүнөт (к. таблицаны).

БУУнун (1991), Европа коопсуздугу жана кыз­матташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү бан­кынын (1992), Балтика деңизи өлкөлөрү кеңеши­нин (1992), Европа советинин (1993), Бүткүл дүй­нөлүк соода уюмунун (2003), Европа союзунун (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.

<thead></thead><tbody></tbody>

Уезддери

Аянты, миң км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Алитус

5,4

173,4

Алитус

Вильнюс

9,7

850,3

Вильнюс

Каунас

8,1

666,3

Каунас

Клайпеда

5,2

376,5

Клайпеда

Мариямполе

4,5

178,4

Мариямполе

Паневежис

7,9

278,4

Паневежис

Таураге

4,4

124,8

Таураге

Тельшяй

4,4

171,1

Тельшяй

Утена

7,2

168,1

Утена

Шяуляй

8,5

341,7

Шяуляй

Мамлекеттик түзүлүшү.

Л.- унитардык мам­лекет. 1992-ж. 25-октябрда Конституциясы ка­был алынган. Башкаруу формасы - парламент­тик респ.Мамлекет башчысы - президент, 5 жылга шай­ланат. Л. парламенти — бир палаталуу Сейм. Аткаруу бийлигинин жогорку органы - өкмөт. Л-да көп партиялуу саясий система орун ал­ган. Негизги партиялары: Мекен союзу - Л. христиан демократтары, Л. социал-демокр. партиясы, Л. либералдар кыймылы, Эмгек пар­тиясы, Христиан партиясы, Л. дыйкан-народ­никтер уюму, «Жаңы союз», Литва орустарынын уюму, «Орус альянсы» ж. б.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010)

Табияты.

Жээк сызыгынын уз. 100 кждей. Жээги негизинен жапыз, кумдуу пляждар, кум дөбөлөр мүнөздүү. Тайыз, өтө тузсузданган Кур­ши булуңу деңизден Курши саяңы аркылуу бөлүнгөн. Л-нын рельефине түздүктөрдүн дөбө­дөңсөөлөр менен айкалышып жатышы мүнөздүү, бардык жеринде рельефтин мөңгүнүн аракети­нен пайда болгон формалары кездешет. Батыш­тан чыгышты карай дөбөлүү дөңсөөлөр (Жямай­та дөңсөөсү, Балтика жалдары, бийикт. 292 лгге чейин) созулуп жатат. Л-нын аймагы байыркы Чыгыш Европа платформасынын Орус плита­сынын чет жакасында жайгашкан. Нефть, чым көң, доломит, цементтик акиташ теги, чопо, кыш жана керамзит үчүн чопо, айнек жана куру­луш куму, бор, гипс, ангидрит, акак (янтарь), жер алдындагы минералдуу суу кендери бар.

Л. деңиздиктен континенттикке өтмө климат­туу аймакта жайгашкан. Январдын орт. темп­расы батышында -3°Стан, чыгышында -6°Ска чейин, июлдуку 17,2°С. Жылдык жаан-чачыны 630 мм. Вегетация мезгилинин узактыгы 169- 202 күн. Дарыялары жыш (бардыгы 750 дарыя), Балтика деңизинин алабына кирет. Эң ири да­рыялары: Нямунас (Неман) жана анын

куймала­ры - Мяркис (Меркис), Нярис (Вилия), Няве­жис (Невежис), Дубиса, Миния, Шяшупе. Не­мандын куймаларынан башка ири дарыялары: Вянта (Вента; Балтиканын алабы), Муша (Лие­лупенин алабы). Дарыялары кар, жамгыр жана жер астындагы суулардан куралат; кышында орто эсеп менен 3 ай тонот. Неман д-нда Каунас суу сактагычы курулган. Л-да 3 миңге жакын көл бар, алар негизинен муздуктун аракетинен пайда болгон. Эң ири көлү - Дрисвяты (Друк­шяй), аянты 44,5 клг2, эң терең көлү - Таура­гиас (тереңдиги 60,5 лгге чейин). Ар бир адам­дын суу менен жылдык камсыз болуусу 6724 лг3.

Чым көндүү күл топурагы басымдуу, ошондой эле чым көндүү глей, күл-саз топурактары да өөр­чүгөн. Эн күрдүү чым көң карбонаттуу топурак өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө, Шяшупе д-нын алабында таралган. Ири дарыяларынын (Нямунас ж. б.) өрөөндөрүнө аллювий топурак­тары мүнөздүү. Л-нын аймагы ийне-жазы жал­бырактуу токой зонасында жайгашкан. Токой каптоосу 33,5% . Токоюнун 50%тен ашыгы өл­көнүн түштүк-чыгыш тарабында. Жазы жалбырак-

Жямайте улуттук паркы.

туу токой негизинен өлкөнүн ортонку бөлүгүндө. Л-нын аймагынын 17% ке жакынын шалбаа жана жайыт, 7%ин саз ээлейт.

Өлкөнүн экол. абалы жалпысынан канааттан­дырарлык. Европанын геохим. атласынын маа­лыматы боюнча Л-да эң таза топурак кыртышы таралган. Табиятты булгоочу негизги булакта­ры - Электренай ш-ндагы Литва мамлекеттик район­дук электр станциясы, Мяжейкяй ш-ндагы нефть ажыратуучу завод, башка шаарлардагы жер семирткич чыгаруучу ишканалар, Балтика де-

ЛИТВА

ңизинин жээгиндеги нефть терминалы ж. б. Өзгөчө коргоого алынган табигый аймак Л-нын аянтынын 11,5%ин ээлеп, 6 улуттук парк, 3 корук, 30 региондук парктан турат. Курши сая­ны Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кир­генетикалык 386 табият объектиси (булактар, рельеф­тин уникалдуу формалары ж. б.) коргоого алынган.

Калкы. Л-нын калкынын басымдуу бөлүгү (83,4% и) - литвалыктар. 0. эле поляк (6,7%), орус (6,3%; 2001-ж. 9,4% болгон), беларусь (1,2%), украин, латыш, немис, еврей, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын 79% и католиктер, 4,8% и православныйлар. Төрөлүү 1000 адамга 10,5 бала, өлүм-житим 1000 тур­гунга 13,1 адам (2008). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 71,9 жаш (эркектердики 66,3, аял­дардыкы 77,6 жаш). Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 51,3 адам туура келет. Вильнюс ш-нда жана анын тегерегинде, ошондой эле Каунас, Клайпеда уезддеринде калк жыш отурукташкан. Шаар калкы 66,9% (2009). Ири шаарлары: Виль­нюс, Каунас, Клайпеда, Шяуляй, Паневежис, Алитус.

Тарыхы.

Л. айматындагы археол. эстеликтер таш дооруна таандык (биздин заманга чейинки 11-10-миң жыл­дык). Калк уруулук түзүлүштө жашап, аңчы­лык, балыкчылык менен оокат кылып, таш, сөөк куралдарды пайдаланышкан. Биздин заманга чейинки 2-миң жыл­дыкта мал чарба, дыйканчылык менен кесиптен­ген балтика урууларынын ата-бабалары Л. айма­гына отурукташкан. Биздин замандын башында уруу жа­мааты бузулуп, 5-6-к-да уруулук байланыш аймактык байланыш менен алмашылган, мүлк теңсиздиги жана жеке менчик пайда болгон. 12- к-дын аягында Л-да алгачкы княздыктар (Лие­тува, Делтува, Дайнава, Судува, Скалва, Наль­шя, Каршува, Упите ж. б.) пайда болуп, кошу­на аймактарга кол салып турушкан. 13-к-дын башында Лиетува, Налыпя, Дельтува, Нярис, Жемайтия ж. б. аймактар камтылган жалпы литвалык конфедерациянын түзүлүшү бирдиктүү мамлекеттик бийликтин калыптанышына түрткү бол­гон. 13-к-дын аягынан 14-к-дын аягына чейин­ки мезгилде Л. мамлекети орус жерлерин кара­тып, өз аймактарын кеңейтүү менен Л. улуу княз­дыгы (ЛУК) орногон. Ушул учурда немис ры­царларынын Л. жерин басып алуу жортуулу башталып, алар менен күрөш 200 жылдан ашык убакытка созулган (к. Ливон ордени, Тевтон ордени). 1387-ж. Л. католик динин кабыл ал­ган. 1410-ж. 15-июлда Грюнвалъд салгылашын­да (1410) Л. менен Полыпанын бириккен күчү Тев­тон орденин талкалаган. 1569-ж. Люблин уния­сы түзүлүп, натыйжада Л. менен Полыпанын бир­диктүү мамлекети - Речь Посполита пайда бол­гон. 15-к-дын ортосунда Улуу князь совети Пан­дар радасына айланган. 16-к-дын башында Пан­дар радасы менен Сейм мамлекеттин башкы орга-

«Неманда, 1812-ж., 25-июнь» (Наполеондун армия­сы Неман аркылуу өтүүдө). К. В. фон Фабер дю Фор. 1812.

ны болгон. 17-к-да Л. Польша-Швеция согушу­на жана Россияга каршы поляк интервенциясы­на катышкан. 1795-ж. Речь Посполита үчүнчү жолу (бугачейин 1772-, 1793-ж. Россия, Прус­сия, Австрия тарабынан бөлүнгөн) бөлүнүп, мамлекет катары жашоосун токтотушуна бай­ланыштуу Л. Россияга кошулуп, алгач Виленск, кийин Литва губерниясы (1796) түзүлгөн. 1801-ж. император Александр 1нин указы менен Литва губерниясы Литва-Виленск (1840-жыл­дан Виленск) жана Гродненск губернияларына бөлүнгөн. 1812-ж. июнда Наполеон I Л. губер­нияларын басып алып, Литва княздыгын (ку­рамына Виленск, Гродненск, Минск губерния­лары жана Белосток обл. кирген) түзгөн. 1812-ж. декабрда Литва княздыгын орус аскерлери ба­сып алган. 1831-ж. мартта Л-да орус бийлигине каршы көтөрүлүш башталып, бирок ийгилик­сиз аяктаган. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башын­да Л-нын коомдук-саясий абалы өзгөрүлө баш­таган. 1887-ж. Л-да алгачкы социал-демокр. кру­жок, 1896-ж. Л. жумушчулар союзу жана Л. со­циал-демокр. партиясы (ЛСДП), 1905-ж. Л. дыйкандар союзу ж. б. түзүлгөн.

Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) мезгилин­де Л. аймагы согуш майданына айланган. Гер­маниялык армия азыркы Л. аймагын басып алып, Л. аскердик башкармалыгын түзүп, бар­дык бийликти колуна алган. Л-дан 300 миңге жакын адам Россиянын ички губернияларына, Украинага жана Беларуссияга качкан. Гермаиия­нын согушта жеңилиши Л-нын революциялык кү­рөшүнүн жогорулашына өбөлгө болгон. 1918-ж. 8-декабрда В. Мицкявичюс-Капсукас жетекте­ген Убактылуу революциячыл жумушчу-дыйкан өк­мөтү түзүлүп, 16-декабрда Литва Советтик Респ. жа­рыяланган. 22-декабрда РСФСР өкмөтү Л-нын көз карандысыздыгын тааныгандыгын билдир­генетикалык 1919-ж. январдын ортосунда Литва-Бела­рус ССРи (Литбел) түзүлүп, Минск менен Беларус­сиянын батыш бөлүгүн Кызыл Армия көзөмөл­дөгөн. Бул жаңы түзүлүш Россия менен Поль­шанын ортосунда буфердик кызмат өтөгөн.

1919-ж. апрелде Советтик Л-га Германия менен Полыпа интервенция баштаган. Л. Кызыл Армиясынын баатырдык менен салгылашуусуна карабастан, 25-августта поляк жана немис аскерлери Л-нын бардык аймактарын ээлеп, өз бийликтерин ор­ноткон. Версаль тынчтык келишиминде (1919) Л-нын чек арасы белгиленбей, Л. үчүн Герма­ния менен Полыпанын ортосунда кагылышуулар улана берген. 11-сентябрда РСФСР өкмөтү Л-га тынчтык келишим түзүү жөнүндө сунуш кылган. Келишим (1920-ж. 12-июль) боюнча Советтик Россия Л-нын көз каранды эместигин тааныган, бирок Кызыл Армия анын аймагын Полыпага каршы жортуулдарды жасоого колдонгон. 1920-ж. апрелде Учредителдик сеймге шайлоолор жүрүп, христиан демократтардын оңчул центристтик блогу жана ляудининктердин солчул центристтик партиясы көпчүлүк добушка ээ болгон. 1920-ж. 15-майда Каунаста сейм өткөрүлүп, анын төра­галыгына А. Стульгинскис (1922-жылдан пре­зидент), өкмөт башчысына К. Гринюс дайындал­ган. 1922-ж. 1-августтагы кабыл алынган кон­ституция Л-ны парламенттик респ. деп жа­рыялап, жер реформасы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Улуттук валютасы - лит киргизил­генетикалык 1926-ж. 17-декабрда Л-да мамлекеттик төңкөрүш болуп, фашисттик диктатура орногон. А. Сме­тона президенттикке, А. Вольдемарас премьер­министрликке дайындалган. Аскердик абал жана цензура калыбына келтирилген. 1927-ж. сейм таркатылып (1936-жылга чейин чакырыл­ган эмес), бардык саясий партияларга тыюу са­лынган. 1936-ж. бир партиялуу сейм түзүлгөн. 1938-ж. кабыл алынган жаңы конституцияда президенттин бийлиги кеңейип, авторитардык бийлик орногон. Л-га фашисттик Германиянын протекторатына айлануу коркунучу туулган. Эл нааразылыгынын күчөшү президент А. Сме­тонаны Германияга качууга аргасыз кылган. 1940-ж. 16-июнда Л-нын элдик өкмөтү түзүлүп, Ю. Палецкис президенттикке, В. Креве премьер­министрликке дайындалган. Л-да бир нече ра­дикалдуу саясий жана социалдык реформалар жүргүзүлүп, оппозициянын өкүлдөрү камакка алынган. Элдик сеймге шайлоолор уюшулган.

Вильно шаарын жана Вилен облусун Литва республи­касына өткөрүү жөнүндө советтик-литвалык келишим­ге кол коюу. 1939

1940-ж. 21-23-июлда Л. ССРи жарыяланып, 1940-ж. 3-августта СССРдин курамына өткөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-45) ба­шында эле Л-нын аймагы душман колунда ка­лып, Отсланд (Чыгыш өлкөлөр) рейхскомисса­риатынын курамына кирген. Л-ны германдаш­тыруу саясаты жүргүзүлүп, 16,3 миң немис ко­лониячылары келген. Фашист-немис баскынчы­ларына каршы партизандык кыймыл баштал­ган. 1942-ж. Советтик Армиянын курамында 16-лит­ва аткычтар дивизиясы түзүлүп, ал Орёл обл­нан Балтика боюна чейинки салгылаштарга катышкан. 1945-ж. 28-январда Л. аймагы фа­шисттик баскынчылардан бошотулган. Согуш­тан кийин а. ч-нын коллективдештирүү жана индустриялаштыруу башталып, администрациялык-аймак­тык реформалар жүргүзүлгөн. 1970-80-жылда­ры Л. индустриялык-агрардык өлкөгө айлан­ган. СССРде М. С. Горбачёв баштаган кайра ку­руу саясаты Л-га өзгөрүүлөрдү алып келди. КПССтин Л-га жүргүзгөн саясатына нааразы­чылыктар пайда болуп, оппозициялык партия­лар жана уюмдар («Саюдис») уюшулган. 1988-ж. ноябрда Литва ССРинин Жогорку Совети советтик доорго чейинки мезгилдеги желек менен гимнди калыбына келтирген. 1990-ж. 11-мартта өлкө көз каранды эместикке ээ болуп, Литва Респуб­ликасы деп аталган жана СССРдин курамынан чыккан. Л-да мамлекеттик менчик улутташтырылып, жаңы банк системасы пайда болгон. Л. НАТО жана ЕС мамлекеттери менен достук мамилелерди түзгөн.

Чарбасы.

Л. - экономикасы өтмө типтеги өлкөлөрдүн катарына кирет; чарбасы рыноктук жол менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 52,1 миллиард евро (2009); аны киши башына бөлүштүргөндө 15,6 миң евродон туура келет. Адамзат өнүгүү­сүнүн индекси 0,870 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 46-орунду ээлейт). СССР урагандан ки­йин экономикалык байланыштар үзүлүп, ө. ж. өндүрушү төмөндөп кеткен. 2000-07-ж-да экономикасы­нын туруктуу өнүгүусүнө Л-нын Батыш Европа өлкөлөрү менен кызматташтыгы жана анын Евро­па союзуна кириши зор өбөлгө болгон (ИДПнин жылдык өсүүсү 6-8% ти түзгөн). Мамлекеттик саясат чет өлкөлүк инвестиция тартууга жана ишкер­дикти өнүктүрүүгө багытталган. Чет өлкөлүк инвестиция (2009-ж. анын жалпы көлөмү 9,1 миллиард евро болгон) негизинен иштеп чыгуу ө. ж-на, дүң жана чекене соодага, телекоммуни­кация жана финансы секторуна, транспорттук тейлөөгө жумшалган. Эки Эл аралык экономикалык зона (Каунаста жана Клайпедада) жана 6 илимий-техникалык парк иштейт. ИДПде тейлөө чөйрөсүнө 63,3% , ө. ж-на 22,2%, курулушка 1-0,0% , айыл, токой жана балык чарбаларына 4,5% туура келет. ИДПнин 20% ке жакыны мамлекеттик сектордо өндүрү­лөт. Ө. ж-нын башкы тармактары - нефтини кайра иштетүү, машина куруу, химия, жыгач