ЛИРИКАЛЫК ПРОЗА —
ЛИРИКАЛЫК ПРОЗА — лирика-эпикалык жанрдын бир түрү; автордук «мен» үстөмдүк кылган, бошон фабулалуу, баяндоонун көтөрүнкү эмоциялык түзүлүшү менен мүнөздөлүүчү проза. Эпиканын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн камтыйт: кандайдыр бир фабуланын берилиши; кейипкерлердин көбүрөөк катыштырылышы; мүнөз түзүү элементтеринин болушу. Ал эми лирикадан алган белгилери: баяндоочу субъектинин (автор, ангемечи, каарман) катышуусу, айрым сөздөрдү өзгөчө бөлүп колдонуу, сүйлөмдөгу сөздөрдүн (ээ менен баяндоочтун) орун тартибин алмаштыруу, мында композициялык борбор катары баяндоочунун субъекти алынат. Эпикалык окуялар, мүнөздөр ар кандай ассоциацияларда, лирикалык чегинүүлөрдө чагылдырылат. Эмоциялуулук күчтүү көрүнөт. Ал кат түрүндөгү чыгарма, автобиография, жол дептерлери, эссе сыяктуу композициялык формаларга ээ (К. Г. Паустовский, В. А. Солоухин, А. де Сент-Экзюпери).