ЛИРИКАЛЫК КААРМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРИКАЛЫК КААРМАН - лирикадагы акын­дын образы. Поэзиялык чыгармалардагы баян­далган поэтикалык ой көбүнесе акын атынан айтылат. Бирок лирик акын жеке таржымалын гана ырга айлантпастан, жалпы журттун аты­нан сүйлөйт, анын эстетикалык идеалы элдин идеалы менен айкалышып кетет. Л. к. образы, башка жанрлардагы көркөм образ сыяктуу эле, турмуш материалын иргөө, типтештирүү, ойдон чыгаруу өңдүү ыкмалардын жардамы менен түзү­лөт. Биринчи жактан («мен») жазылган

проза­лык чыгармалардын баяндоочусу да кээде Л. к. деп аталат. Лирикада акындын жекече ой-се­зимдери берилгендигине карабастан, ал автор­дун өзү эмес (мисалы, Токтогулдун «Алымкан» ат­туу лирикалык ырынын каарманы сүйүүдөгү эркиндикти, адилеттүүлүктү жар салган адам­дын образы). Ырдагы Л. к-дын аты аталбайт, ал акындын «мени» менен берилет, бирок «мен» жалпыга таандык болот. Л. к. эпикалык чы­гармаларда да болот (к. Эпикалык тек), анын аты аталат (мисалы, А. Токомбаевдин «Өз көзүм менен» поэмасындагы Бакас; Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги сүрөтчү Сейит). Бул каармандар Л. к-дардан айырмаланып, ысмы, ким экени белгилүү болуп, терен ачылган эпи­калык мүнөзгө жакын келет. Мындай каарман­дар автордук позицияны, мамилени, көз караш­ты алып жүрүшү менен Л. к. делет.