ЛЙПКИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЙПКИН Семён Израилевич [6(19). 9.1911, Одес­са - 31. 3. 2003, Москва обл., Переделкино] - орус акыны, котормочу. Калмак АССР эл акы­ны (1968), Кыргыз ССРинин маданиятка эмг. сиң. кызматкери (1975). Москва инженердик-экономикалык институтун бүтүргөн (1937). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Кал­мактын «Жангар» (1940), кыргыздын «Манас» (1941), кабарданын «Нарттар» (1951), буряттын «Гэсэр» (1968), инди элинин «Ма­хабхарата» (1969) эпосто­рун, тажик, өзбек, кыргыз, балкар, калмак классикте­ринин жана замандаш акындарынын чыгарма­ларын орусчага которгон «Манас» эпосунун С. Орозбаковдун вариантындагы Л. орус тили­не которгон «Чалгынга даярдануу», «Чалгын», «Жылкы тийүү», «Баатырлардын согушу», «Соң­ку казат» бөлүмдөрү 1946-ж. Москвадан чык-

кан «Великий поход» китебине кирген. Л-дин котормосу менен «Кабарда эпикалык поэзиясы» (1956), «Алты кылымдын үнү» (1960), «Алтын чынжыр», «Чыгыш поэмалары» (1970) ж. б. ки­тептер чыккан. «Дидаарлашкан адам» (1967) ыр китебинин, «Манастын» сюжетине жазылган «Айкөл Манас» повестинин автору. Тажик ССРи­нин Рудаки атындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1967). III даражадагы Манас ж. б. ордендер менен сый­ланган.