ЛИПАРИ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИПАРИ АРАЛДАРЫ - Тиррен деңизиндеги жанартоодон пайда болгон аралдар тобу, Сици­лиядан түндүк тарапта; Италиянын аймагы. Же­ти ири аралдан (Липари, Салина, Вулькано, Стромболи, Филикунди, Аликуди, Панареа) жана 10 майда аралдан турат. Жалпы аянты 117 км2. Базальттуу лава жана туфтардан түзүл­гөн. Вулькано жана Стромболи аралдарында ара­кеттеги жанартоолор жайгашкан (бийикт. 926 мге чейин). Анжир, жүзүм өстүрүлөт, зайтун токою бар. Шарап чыгаруу өнүккөн.