ЛИВАН
ЛИВАН (арабча - Лубнан), Ливан Респуб л и к а с ы (Аль-Жумхурия аль-Лубнания) - Батыш Азиядагы мамлекет, Ж. Чыгышта. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сирия, түштүгүнөн Израиль менен чектешет. Батышын Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын уз. 225 км).

Аянты 10,4 мин км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 200 км2дей). Калкы 4,7 млндой (2009). Борбору - Бейрут ш. Расмий тили - араб тили (кабыл алынган мыйзам боюнча расмий тил катары -
француз тили да колдонулат). Администрациялык-аймактык жактан 8 мухафазага (губернаторлукка) жана борборго бөлүнөт (к. таблицаны).
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)
Мухафазалары | Аянты, клг2 | Калкы, миллион | Администрациялык борборлору |
Аакар | 776,0 | 0,3 | Хальба |
Баальбек-Хирмиль | 3009,0 | 0,3 | Баальбек |
Бейрут | 19,6 | 0,5 | Бейрут |
Бекаа | 1151,9 | 0,3 | Захла |
Набатия | 1098,0 | 0,3 | Эн-Набатия- этТахта |
Тоолуу Ливан (Жебель-Лубнан) | 1968,3 | 1,8 | Баабда |
Түндүк Ливан (Эш-Шамаль) | 1248,8 | 0,6 | Триполи |
Түштүк Ливан (Эль-Жануб) | 929,6 | 0,6 | Сайда |
Л. - БУУнун (1945), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1947), Ислам конференция уюмунун (1969) мүчөсү; Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун байкоочусу статусуна ээ.
Мамлекеттик түзүлүшү. Л - унитардык мамлекет. 1926-ж. 23-майда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик респ. Мамлекет башчысы - президент, 6 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Депутаттар палатасы). Аткаруу бийлигин президент менен Министрлер кеңеши ишке ашырат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Кыймылдар жана саясий партиялар үч блокту түзөт (2009). 1-блокто «Мустакбаль» сүннөт кыймылы, друздук Прогрессивдүү социалисттик партиясы, «Ливан күчтөрү» уюму (мурдагы христиандык куралдуу түзүмдөр, «Катаиб» маронит партиясы, «Корнет Шагван» оңчул христ. партиясы бириккен бар. 2-блок Христиандык эркин патриоттук кыймыл, «Марада» христиан партиясы, Л. коммунисттик партиясынан турат. 3-блокко «Амаль» жана «Хезболлах» шиит уюмдары кирет.
Табияты. Жээктери негизинен жапыз, булуңбуйткалар аз, айрым аскалуу тумшуктар жана кум дөбө массивдери бар. Жеринин бети негизинен тоолуу. Жээк түздүгү (жазылыгы 1,5- 3 км, түштүгүндө 10 кл«ге чейин кеңийт) чыгышта Ливан кырка тоосунун этек тоолоруна өтөт. Мында Л-дын эң бийик жери - Курнет-эс-Сауда чокусу (бийикт. 3088 м) жайгашкан. Ливан кырка тоосунун терең тилмеленген батыш капталы Жер Ортолук деңизди карай тепкичтенип, чыгышка тоо аралык Бекаа өрөөнүнө тик түшөт. Бекаа өрөөнү грабен түзүлүшүндө, жазылыгы 8- 14 км, түндүктөн түштүктү карай өлкөнүн бүт аймагы боюнча созулуп жатат. Аңын таманы деңиз деңг. 750-900 м бийиктикте жайгашкан.
Л-дын чыгышын Антиливан кырка тоосунун (бийикт. 2814 жге чейин) батыш капталы ээлейт. Л-дын аймагы байыркы платформанын жабындысында жайгашкан. Цемент, курулуш материалдары, сал туз, гипс, кум, шагыл кендери бар.
Л-дын аймагынын климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик, жайы кургакчыл, кышы нымдуу. Январдын орт. температурасы 13°С, июлдуку 27°С, 1000 м бийиктиктерде 6°Стан 22°Ска чейин. Жылдык жаан-чачыны жээк бөлүгүндө 750-1000 мм (негизинен октябрдан майга чейин нөшөр түрүндө жаайт), жайында абанын салыштырмалуу өтө жогорку нымдуулугу мүнөздүү. Тоолордо 1000 жжден ашык, Бекаа өрөөнүндө жана Антиливан кырка тоосунун капталдарында 400-800 мм жаайт. Жайы, айрыкча, тоо этектери жаан-чачынга өтө жарды. Жазында түштүктөн ысык шамал согуп, кумдуу бороонду пайда кылат. Дарыялары чакан, көбүнчө соолуп калат, сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири дарыясы - Эль-Литани Бекаа өрөөнүнүн түштүк бөлүгү аркылуу агат. Жер Ортолук деңизге куюучу көптөгөн суулар Ливан кырка тоосунун акиташ тектүү капталынан башталат.
Жээк аймактарында жана тоо капталдарынын этектеринде күрөң топурактар, андан
бийигирээк бөлүгүндө бозомук-күрөң таштак топурак басымдуу. Жергиликтүү токой өсүмдүктөрүн Ливан кырка тоосунун батыш капталындагы катуу жалбырактуу жер ортолук деңиздик дарак-бадалдар түзгөн, ал 20-к-дын башталышында антропогендик таасирден өтө жапа чеккен. Өсүмдүктөрүндө экинчи жолку бадалдар (маквис, фригана) басымдуу, арасында токой калдыктары (эмен, чынар, ак чечек, алеп жана италян кызыл карагайы) кездешет. 1200-1400 м бийиктикти ливан бал карагайы (кедр), көк карагайлуу чакан токой массивдери ээлейт. 2400 м бийиктикте токой өсүмдүктөрүнүн жогорку чегин арча түзөт. Ливан кырка тоосунун чыгыш капталдарын жана Бекаа өрөөнүн эмен-жыгач мисте сейрек токою жана фригана аралаш өскөн кургак талаа ээлейт. Тоо капталдары тектирленип, анда дан эгиндери, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт.
Л-да өлкөнүн 0,7% ин ээлеген 24 коргоого алынган табигый аймак уюшулган; анын ичинде эл аралык маанидеги 4 суу-саздуу жер, бал карагай токойлуу Шуф биосфералык резерваты, Машгара улуттук паркы бар.
Калкы. Калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар (87,8%), ливандыкпгар (78,7%), палестиналыктар (13%), египеттиктер, сириялыктар, ирактыктар түзөт. Төрөлүү (1000 адамга 17,1 бала) өлүм-житимден (6 адам) дээрлик 3 эсе ашык. Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 26% ти, эмгекке жарактуу курактагылар (15-64 жаштагылар) 67% ти, 65тен ашкандар 7%тен ашыгын түзөт. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 73,7 жыл (эркектер 71,1, аялдар 76,3 жыл). 21- к-дын башталышында Л-да 1,6 миллион чет өлкөлүктөр - сириялыктар, палестиналык качкындар ж. б. жашаган. 15 млндон ашык ливандыктар чет өлкөлөрдө, негизинен Франция
менен АКШда жашайт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 450 адам (2009); жээк зонасында жана Бекаа өрөөнүндө эң жыш отурукташкан. Шаар калкы 87% (2011). Эң ири шаары - Бейрут; башка ири шаарлары: Триполи, Жуния, Баальбек. Ливандыктардын 52%тейи ислам динин, 44,8% и христиан динин тутат.
Тарыхы. Л-дын азыркы аймагын адамдар биздин заманга чейинки 8-7-миң жылдыктан мекендеген. Биздин заманга чейинки 4-3 миң жылдыкта Л. аймагында финикиялык Библ (азыркы Жубайль), Тир (азыркы Сур), Сидон (азыркы Сайда), Берит (азыркы Бейрут) ж. б. шаар-мамлекеттери пайда болгон. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк өнүгүп, Египет, Вавилон, Кавказ, Кичи Азия мамлекеттери менен соода жүргүзүшкөн. Биздин заманга чейинки 875-ж. Ассирия, 7- к-дын аягында Вавилония, 332-ж. Александр Македонский басып алып, анын державасы кулагандан кийин Л. аймагы Птолемейлер бийлигине, биздин заманга чейинки 3-к-дын ортосунда Селевкиддер империясына караган. Биздин заманга чейинки 64-ж. - биздин замандын 3- к-нда Л-дын азыркы аймагын Рим аскер башчысы Помпей басып алгандыктан, Рим империясына баш ийген. 4-к-да Л. аймагы Чыгыш Рим империясынын (к. Византия) курамына кошулган. 7-к-дын башында Л-ды ирандыктар, 636-ж. арабдар караткан. Натыйжада 7-8-к-да Омейяддардын, 8-9-к-да Аббасиддердин, 9-10- к-да Тулуниддердин жана Ихшидиддердин, 10- 12-к-да Фатимиддер халифатынын ээликтеринде калган. 1099-ж. Л. кресттүүлөрдүн колуна өткөн. 13-к-дын аягында Л. Египет мамлюктарынын, 16-17-к-да Осмон империясынын бийлигинде болгон. 1861-ж. европалык державалардын кысымы менен Тоолуу Л-га Органикалык статус (автоном. район) берилип, ал Осмон империясы жана Л. батыш державаларына (өзгөчө Францияга) көз каранды болуп калган. Порттор, банк иштери, транспорт, айрым ө. ж. өндүрүштөрү ж. б. европалыктардын колуна өткөн. 1908-ж. Л-да улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1- дүйнөлүк согуш убагында (1914-18) түрк аскер губернатору бардык бийликке ээ болгон. Улуу Британия менен Франциянын ортосунда Осмон империясынын Азиядагы ээликтерин бөлүштүрүү жөнүндө түзүлгөн Сайкс-Пико келишиминин (1916) негизинде 1920-ж. алрелде Л. Франциянын мандаттык аймагы статусун алган. 1920-ж. сентябрда Улуу Ливан мамлекети, 1926-ж. кабыл алынган конституция боюнча Ливан респ. деп жарыяланган. Л-дын тышкы саясатына Франция көзөмөл жүргүзгөн. 2-дүйнөлүк согуш башталган соң, Л-да чукул кырдаал киргизилип, конституциясы жоюлуп, парламент таратылып, компартияга тыюу салынган. Элдик боштондук кыймылдын кысымынан улам Франция 1943-ж. Л-дын көз карандысыздыгын таанып, 1946-ж. өз аскерлерин Л. аймагынан алып чыгып кеткен. 1943-ж. 22-ноябрь Л-дын көз карандысыздык күнү деп белгиленген. Б. аль-Хури Л. Респ-нын президенти болуп шайланган. Л. 1944-ж. августта СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн. 1945-ж. февралда Гитлерге каршы коалицияга кошулуп, Германия жана Японияга согуш жарыялаган. 1945-жылдан БУУгаж-а Араб өлкөлөрүнүн лигасына мүчө. 1948-49-ж. Л. Араб мамлекеттери менен бирге Израилге каршы согушка катышкан. Социалдык карама-каршылыктардын курчушу, бийлик үчүн күрөш Л. өкмөтүнүн тез-тез алмашылышына алып келген.
Өлкөдөгү экономикалык абал, эл массасынын өкмөт саясатына нааразылыгы элдик-демокр. кыймылды күчөткөн. 1952-ж. сентябрда Л-дагы жалпы элдик көтөрүлүштөн улам, Б. аль-Хури президенттиктен кетип, ордуна - К. Шамун шайланган. Ал бир катар реформаларды жүргүзүп, Араб жана батыш мамлекеттери менен кызматташкан. 1955-56-ж. премьер-министр Р. Караме жетектеген Л. өкмөтү айрым чет элдик компанияларды мамлекеттештирип, Л. жери аркылуу өтүүчү нефтиге төлөнүүчү акыны көбөйткөн. 1958-ж. ички жана тышкы саясат жүргүзүү үчүн Улуттук фронт түзүлгөн. 1958-ж. Шамун өкмөтүнүн курамына каршы башталган иш таштоолор куралдуу күрөшкө айланган. Бирок Шамун режимин АКШнын интервенциясы сактап калган. 1958-ж. генерал Ф. Шихаб президенттикке шайланып, өкмөттү Р. Караме башкарган. Жаңы өкмөт бейтарап, блокторго кошулбоо саясатын жарыялап, бир катар социалдык реформаларды жүргүзгөн. 1967-ж. Л. өкмөтү чет элдик компаниялардын нефть өткөргүчтөрүн токтотуп, АКШ жана Улуу Британия менен дипломатиялык мамилелерин үзүп, америкалык аскер кемелеринин Л. портторуна кирүүсүнө тыюу салган. Согуштан кийин Л-дын Израил менен мамилеси начарлаган. 1968-ж. Л. аймагына палестиналык лагерлер жайгашкан. 1969-ж. 23-апрелден 25-ноябрга чейин Л. ички саясий чөйрөлөрдүн келишпөөчүлүгүнөн өкмөтсүз калган. 1969-ж. Р. Караменин жаңы өкмөтү кайра түзүлүп, христиандык партиянын өкүлдөрү ачыкка чыккан. 1970-ж. 17-августта С. Франжье президенттикке шайланып, С. Салям өкмөт башына келген. Бирок жаңы өкмөт элдин нааразылыгын токтоткон жок. 1973-ж. израилдик баскынчылардын Л-га жасаган куралдуу провокациялары, Л. өкмөтүнүн аскерлери менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар Л-дын абалын оордоткон. 1975-ж. апрелде ПБЧУнун куралдуу күчтөрү жана аны колдогон мусулман саясатчылары же улуттук патриоттук күчтөр (УПК) менен христиандык партиялардын кагылышуусунан чык-
кан жарандык согуш 1990-ж. чейин уланган. 1976-ж. январда ливандык христиан кошуундары палестиналык Дбайе лагерин жана Бейрут- -тун мусулмандар жашаган Маслах жана Карантина р-ндорун басып алган. 10-апрелде парламент конституцияга ондоо киргизип, мөөнөтүнөн мурда президенттикке шайлоо өткөрүүгө жол берген. 8-майда президенттикке Э. Саркис шайланган. 1976-ж. 16-18-октябрда Эр-Рияд ш-нда Сауд Арабиясы, Египет, Сирия, Кувейттин өлкө
башчыларынын конференциясы болуп, анда согуш аракеттерин токтотуу жана Арабдар аралык коопсуздукту сактоо күчү (ААКСК) түзүлүп, анын аскерлерин 30 миң адамга чейин көбөйтүү каралган. Бул чечимди Араб өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешмеси (26-октябрь, Каир) бекиткен. 1978-ж. июнда ливан армиясы жана христиан топтору менен сириялык аскер бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталган. 1978-ж. Л-га Израил аскерлери кирип, Батыш Бейрутту басып алган. 1984-ж. февралда В. Жумблат жетектеген друздардын аскер күчтөрү жана «Амаль» шиит кыймылынын отряды Сириянын колдоосу менен Израилге каршы күрөшүп, Ливан армиясын талкалап, Батыш Бейрутту бошоткон. 1985-ж. Л. аймагындагы Сириянын аскер күчтөрү Израилдин аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгарган. 1990-ж. октябрда сириялык авиациянын соккусунан Л-дагы жарандык согуш аяктаган. Жарандык согушта (1975-90) 115 миң киши жарадар, 94 миңи курман болуп, 800 миңи чет мамлекеттерге качкан. 1990-ж. христиан менен мусулмандан бирдей санда өкүлдөр кирген жаңы өкмөт түзүлүп, О. Караме жетектеген. 2000- жана 2006-ж. Л-да кырдаал кайрадан курчуган. Палестиналыктар менен Израил армиясы жана «Хезболлах» (ПБЧУ мүчөсү) отряддарынын ортосундагы кагылышуулардын натыйжасында Израиль Түштүк Л-дан аскерлерин чыгарып, «Түштүк Ливан армиясы» таркатылган. Израилдин көзөмөлүндөгү «Коопсуздук зонасы» Л-га кошулган. 2005-ж. 26-апрелде Л-дан Сириянын акыркы аскер күчтөрү чыгарылган. 2006-ж. 14-августта БУУнун Коопсуздук Советинин резолюциясынан
кийин конфликт жөнгө салынган. 2009-ж. 7- июндагы кезектеги парламенттик шайлоодо «Альянс» коалициясы жеңишке ээ болуп, С. аль-Харири өлкөнүн премьер-министрлигине шайланган.
Чарбасы. Л-дын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. ИДПнин көлөмү 44,2 миллиард доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 11,1 миң доллардан туура келет. 1975-90-жылдардагы жарандык согуштун натыйжасында ө. ж. объектилеринин басымдуу бөлүгү кыйраган, өндүрүштүк продукциялардын көлөмү 50% ке кыскарган. 1997-жылдан кийин чет өлкөлүк компаниялардын ЭООдөн ашык филиалы ачылган. 2002-жылдан энергетика, суу менен камсыз кылуу, транспорт, телекоммуникация компанияларынын объектилери менчиктештириле баштаган. 2006-жылкы куралдуу кагылышуу болор алдында өлкөнүн экономикасы өсүп жаткан. Куралдуу кагылыштан кийин Л-га Сауд Арабиясы, Перс булуңунун жээгиндеги жана Европа союзуна кирген өлкөлөр экономикалык жардам бергенетикалык ИДПнин чыныгы өсүүсү 6,3%ти түзгөн (2008). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 76,1% , ө. ж-ныкы 18,8%, а. ч-ныкы 5,1% (2008). ИДПнин 75% ке жакыны жеке менчик сектордо түзүлөт; чакан жана орто ишканалар негизинен экспорттук багытта иштейт.
Өнөр жайынын негизги тармактары: электрэнергетикасы, минералдык сырьё өндүрүү, курулуш материалдар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш. 2007-ж. 9,0 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясын Сириядан (2007-ж. 972 миллион кВт-с) алат. Нефть продуктуларына болгон муктаждыгын араб өлкөлөрүнүн нефтиси менен толуктайт. Бейрутта импорттук тетиктерден машина кураштыруу жана импорттук товарларды таңгактап, региондогу башка өлкөлөргө жөнөтүүчү ишканалар иштейт. Сал туз, акиташ теги, кум, гипс, шагыл аз өлчөмдө казылып алынат. Цемент экспорт үчүн да өндүрүлөт. Химия ө. ж. фосфор жер семирткичин, фосфор жана күкүрт кислоталарын, кир кетирүүчү каражаттарды, пластмасса, косметика жана дары-дармектерди ж. б. чыгарат. Жыгаччылык, эмерек, зергерчилик, азем белек даярдоочу ишканалары бар. Жеңил ө. ж-нын эң маа-
нилүү тармактары - текстиль жана тигүү ишканалары. Эзелтен шарап жасоо өнүккөн (негизинен экспортко чыгарат).
Өлкөнүн жеринин 16%тен ашык аянты иштетилет. Күрдүү жерлери негизинен жээк тилкесинде жана Бекаа өрөөнүндө жайгашкан. Агрардык өндүрүштөрү ички муктаждыкты канааттандырат. Бекаа өрөөнүндө дан эгиндери (көбүнчө буудай, арпа), жашылча, картөшкө, мөмө-жемиш (апельсин, алма) жана техникалык өсүмдүктөр (кант кызылча, тамеки), Л-дын түндүк бөлүгүндө зайтун, Жер Ортолук деңиздин жээгинде цитрус өсүмдүктөрү, банан, Жубайл ш-нын тегерегинде авокадо өстүрүлөт. Жүзүмзарлар негизинен Захла ш. тарапта. Эчки, кой, уй асыралат.
Банк секторунун жана туризмдин мааниси зор. Финансы жактан тейлөө банк-кредит секторун, камсыздандыруу бизнесин, биржаларды өзүнө камтыйт. 1950-70-жылдардын ортосунда Л. региондогу ири финансы борбору болгон; жарандык согуш мезгилинде банк сектору экономиканын негизи бойдон калган. 1990-жылдары банк депозиттеринин тез өсүүсү байкалган (1992-ж. 6,5 миллиард доллар, 1999-ж. 33,9 миллиард доллар), Л. банктары эл аралык рынокко чыккан. Финансы сектору Борбордук банкты (Ливан банкын), коммерциялык жана инвестициялык банктарды камтыйт. Туризмдин (маданий таанып билүү, экол., пляжда эс алуу) мааниси зор. Бейрут, Сайда, Тир,- Триполи, Жуния, Захла, Баальбек ж. б. шаарларда көптөгөн маданий мурастар жайгашкан. Туристтик инфраструктураларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо ишке ашырылууда.
Автомобиль жолунун уз. 7000 кждей; негизги автомагистралдары: Жээк шоссеси, Бейрут - Дамаск (Сирия). Т. ж-нун уз. 401 км. Деңиз


Ливан акчасы - ливан фунту.
транспорту сырткы соода жүктөрүн ташыйт. Л-дын 33 соода кемеси бар; башка өлкөлөрдүн желеги менен 55 кемеси жүрөт (2008). Негизги деңиз порттору: Бейрут, Триполи. Жети аэропорту бар; Бейрут ш-ндагысы эл аралык.
Экспортко зер буюмдарды, химия ө. ж. продукцияларын, цемент, текстиль, керектелүүчү түрдүү товарларды, мөмө-жемиш, жашылча ж. б. чыгарып, сырттан негизинен автомобиль, электр жабдууларын, химикат, дары-дармек, кагаз ж. б. алат. Экспорттук шериктери (2008); Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери, Швейцария, Сауд Арабиясы; импорттук шериктери: Сирия, Франция, АКШ, Италия, Кытай, Германия, Сауд Арабиясы.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 89,6%ти түзөт (2012). ЖОЖдору, илимий мекемелери, музейлери, китепканаларынын көбү Бейрут ш-нда жайгашкан.
Массалык-маалымат каражаттары. «АльАмаль», «Аль-Анвар», «Ад-Дияр», «Аль-Лива», «Ан-Нида», «Ан-Нахар», «Ас-Сафир» сыяктуу ири гезиттери, «Ас-Сайяд», «Аль-Усбуа аль-Араби», «Ат-Тарик» ж. б. коомдук-саясий жана адабий-көркөм журналдар чыгат. Радиоуктуруусу (1937), телекөрсөтүүсү (1959) иштейт. 32 радиостанциясы, 15 телеканалы, Улуттук маалымат агенттиги (1962) бар.
Адабияты. Негизинен араб тилинде, 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында француз тилинде өнүгүүдө. О. к-дагы Л. адабияты - араб-мусулман маданиятынын бир бөлүгү. 1700-жылдары Түндүк Сирияда «Жүрөктөр жыргалы» («Нузхат альХаватир») деген элдик аңгемелер жана анекдоттор жыйнагы түзүлгөн. 1732-ж. Эш-Шувейр монастырында биринчи араб басмаканасы негизделген. Л. адабиятын өнүгүшүнө жаңы арабдардын кайра жаралуусу зор өбөлгө болгон. 18-к-дагы биринчи түшүндүрмө сөздүктүн [«Берметтүү үчилтик» («Аль-мусалласат ад-дуррийя», 1705)] жана биринчи грамматиканын [«Исследование запросов» («Бахс аль-маталиб»), 1707] автору Г. Фархаттын чыгармачылыгы, заманбап жаңы араб тилинин поэтикалык «Тезкире» (1720) жыйнагы Л. адабиятынын өнүгүшү үчүн зор түрткү болгон. 19-к-дын 2-жарымында араб драматургиясы (М. Наккаш, Н. Наккаш ж. б.), 19-20-к-дын чегинде араб тарыхый романы (С. аль-Бустани, Ж. Н. Мудаввар, Ф. Антун ж. б.) калыптанган. 20-к-дын адабиятында агартуучулук багыт кеңири тараган. Агартуу багытында Н. аль-Хаддад («Баары тагдыр», 1903; «Жаңы Ева»; 1906), Л. Кямилдин («Тоо жомогу», 1946), М. Абудд («Кызыл эмир», 1947, ж. б.), Ж. Ханндын («Чиркөө жрецтери», 1952; «Күчтүү Убейд», 1955 ж. б.), Т. Ю. Аввад («Токоч нан», 1938; «Бейрут тегирмендери» 1972), прозасы жана драматургиясы Р. аль-Хуринин («Байдабдын революциясы», 1950), М. Дакруб, X. Мурув, Ю. Аль-Ид, М. Савай, А. Сувейд адабий сында ж. б. белгилүү. 19-к-дын 2-жарымы - 20-к-дын 2-жарымында Л. прозасынын жарандык согуш окуяларына жана Израиль интервенциясына, согушка чейинки мезгилди барктоого көңүл бурулган: Г. асСаммандын сюрреалисттик прозасы («Бейрут 75» ж. б.), И. Хуринин («Кичине тоо» ж. б.), И. адДейринин романдары. «Жаңы толкун» прозасына (1970-80-жылдар) чыгыш жана абсурддук мотивдердин айкалышы мүнөздүү (Э. Насрулла, Н. Мусалане ж. б.). Ш. Корм 20-к-дын 1-жарымында французча жазган мыкты акын катары таанылган, 2-жарымында француз тилиндеги адабияттын салттарын акындар А. Шедид, Н. Саламе, X. Хауи, Н. Тувейнц, жазуучулар В. Нури, А. Маалав ж. б. уланткан.
Архитектура жана сүрөт искусствосу. Л-дын аймагында байыркы искусствонун көптөгөн эстеликтери, анын ичинде биздин заманга чейинки мезгилдеги Баалат Гебал храмынын калдыктары сакталган. Рим мезгилиндеги искусстводо антикалык жана чыгыш салттары айкалышкан: Баальбектеги жана Библдеги (азыр Жубейль)
храм комплекстерй (биздин замандын 1-3 к.). 4-7-к-да Л. Византиянын курамында турганда монастырлар, чиркөөлөр, Араб халифатына кирген мезгилде мусулман имараттары курулган. Кресттүүлөр жортуулдарынын учурунда деңиз жээктеринде замоктор (Сен-Жиль, Триполиде, Сайдада, 13-, 17-18-к.), монастырлар, чиркөөлөр салынган. Мамлюктар доорунда (13-16-к. башы) курулуштар роман жана о. кылымдагы араб зодчийлигинин айкалышуусу менен мүнөздөлөт. Осмон империясынын мезгилинде мусулман архитектурасынын имараттары түрк архитектурасынын таасиринде кумпалуу, мунаралуу курулуп, ички жасалгасы көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн. Л. көз каранды эместикке ээ болгондон кийин архитектурада интернационалдык стиль алдыңкы орунга чыккан. 1960-жылдардын аягынан постмодернизм келсе, 1990-2000-жылдарда хай-тек стилиндеги имараттар курулууда. 19-20-к-дын башынан диний жана тиричилик темасындагы монументтик жана станоктук живопись өнүккөн. Сүрөт искусствосуна
салым кошкон живописчилер А. Закир, Н. Тарабулси, Н. Ю. Шукри, Н. Файяд ж. б. 1930- 40-жылдарда реалисттик багыт үстөмдүк кылган. 1970-80-жылдарда, ошондой эле карикатура жана китеп жасалгалоо өнүккөн. Л-да жасалга-колдонмо жана искусствонун түрлөп токуу, сайма саюу, чий согуу, килемчилик, жыгачка, металлга кооз сүрөт түшүрүү өнөрү сыяктуу салттык түрлөрү өнүгүүсүн улантууда.
Л-дын музыкалык маданияты ар түрдүү конфессиялык топтордун, айыл фольклорунун жана заманбап ар кандай музыканын салттарын бириктирип турат. Шаарларында батыштын үлгүсүндөгү музыкалык турмуш басымдуулук кылат. Негизин макам түзгөн классикалык араб музыкасы концерттерде угулат. Бейрутта 1910-ж. музыкалык мектеп (1925-жылдан улуттук музыка мектеби, 1929-жылдан Улуттук консерватория) ачылган.
Театры. Л-да диний мазмундагы тазийе мистерриялары (Түштүк Л-да) жана көлөкө куурчак театры өАүккөн. 1848-ж. Бейрутта М. Накаштын үйүндө биринчи араб театрынын европалык үлгүгө салынган спектакли көрсөтүлгөн. Л-дын профессионал театр труппалары 20-к-дын 2- жарымынан пайда болгон. 1960-ж. режиссёр М. А. Дебс Бейрутта театр студиясысын ачкан. Ал жерде У. Шекспирдин, И. В. Гётенин ж. б
драматургдардын пьесалары коюлган. Профессионал театрдын жаңы өрүшү 1990-жылдарда башталган. 21-к-дын башында жаңы көчмө труппалар пайда болгон, эксперименттик режиссёрдук театр өнүккөн. 2000-жылдардагы эң белгилүү труппа - Н. аль-Ашгар жетектеген шаардык театр, Бейрутта «Аль-Мадина» (1994-жылдан), «Монно» (1997-ж.) ж. б. театрлар иштейт. 1955-жылдан Баалбекте музыкалык-театр фестивалы, 1999-жылдан Бейрутта жер ортолук деңиз өлкөлөрүнүн эл аралык куурчак театр фестивалы өткөрүлөт.
Киносу. 1964-ж. Бейрутта мамлекеттик катышуусу менен Улуттук кино борбору негизделет. 1967-ж. толук метраждуу фильмдерди чыгаруучу киностудия ачылган. Б. Алавинин Ж. Чыгыштагы чыр-чатакка арналган «Кафр Касем», М. Багдадинин «Бейрут, Бейрут» (1975) фильмдери зор маанилүү окуя болгон. Жарандык согуш темасына Р. Хажардын «Баш калка» (1981), «Жарылуу» (1983) фильмдери арналган. 2000-жылдардагы фильмдерден Р. Гахалдын «Кагаз чымчык» (2003) фильми өзгөчөлөнүп турат.
Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Страны и народы. Зарубежная Азия. Общий обзор. Юго-Западная Азия. М., 1979; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Гасратян А. В. Проблемы социально-экономического развития Ливана (1970-2000). М., 2004; Ливан//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010.







