ЛИАНАЛАР
ЛИАНАЛАР (фр. Напе, Нег - байланыштуу) - узун сабагы өз алдынча тик өсө албай, башка өсүмдүккө, жарга, курулуштарга ж. б. жармашып же оролуп өсүүчү өсүмдүктөр. Л. жармашып жана оролуп өсүүчү болуп айырмаланат. Жармашып өсүүчү Л. жакын нерселерге мурутчалары, тикенчелери менен жармашат. Мисалы, кулмак, жүзүм, буурчак ж. б. Оролуп өсүүчүлөргө кадимки чырмоок кирет. Л-дын сабагы ичке, жеңил, ийилгич болуп, тез өсөт. Бул өзгөчө-
лүктөр өөрчүүдө пайда болуп, токойдо өскөн өсүмдүктөрдүн башка өсүмдүктүн көлөкөсүндө калбай, жарыкка умтулуп, жашоо үчүн күрөшүнөн келип чыккан. Л. өскөн чөйрөсүнө жараша зыяндуу же пайдалуу болушат. Сары чырмоок же кадимки чырмоок дан ж. б. өсүмдүктөргө оролуп, алардын өсүшүн начарлатып, зыян келтирет. Ал эми жүзүм, кожогат ж. б. - өтө пайдалуу мөмө өсүмдүктөрү. Л-дын 2000ден ашык түрү нымдуу тропик токойлордо, Закавказьеде, айрыкча ысык жерде курулган шаарда мааниси чоң. Кыргызстанда жапайы жүзүм, коён томук ж. б. жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт.
