ЛЕСОТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕСОТО, Лесото Королдугу - Түштүк Африкадагы мамлекет. ТАРдын аймагы менен толук курчалган. Аянты 30,4 миң км2. Калкы 2,0 миллион (2009). Борбору - Масеру. Расмий тил­дери - сесото (сото) жана англис тилдери. Акча

бирдиги - лоти (ошондой эле түштүк африкалык ранд да пайдаланылат). Администрациялык-аймактык жактан 10 округга бөлүнөт (к. таблицаны).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Округ

Аянты, км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Береа

2222

251,9

Теятеяненг

Бутха-Бутхе

1767

109,3

Бутха-Бутхе

(Ботха-Ботхе)

(Ботха-Ботхе)

Лерибе

2828

297,2

Хлоце

Масеру

4279

452,5

Масеру

Мафетенг

2119

188,7

Мафетенг

Мокхотлог

4075

98,2

Мокхотлонг

Мохалес-Хук

3530

171,8

Мохалес-Хук

Тхаба-Цека

4270

130,3

Тхаба-Цека

Цгачаснек

2349

72,0

Цгачаснек

Цгутхинг

2916

118,7

Цгутхинг (Моени)

Л. - БУУнун (1966), Африка союзунун (1966; 2002-ж. чейин Африка Биримдиги уюму), ЭВФ­тин (1968), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1968), Бүткүл дүйнөлүк соо­да уюмунун (1995), Африканын түштүгүн

өнүк­түрүү жамааттыгынын, Түштүк Африка бажы сою­зунун, Кызматташтыктын ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Л.

- унитардык мам­лекет. Конституциясы 1993-ж. 2-апрелде кабыл алынган. Башкаруу формасы - конституциялык монархия. Мамлекет башчысы - король. Мый­зам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу (сенат жана улуттук ассамблея) пар­ламент. Сенат 22 уруу башчысынан жана «өк­мөттүн кенеши боюнча» король дайындаган 11 се­натордон, Улуттук ассамблея 5 жылга шайлан­ган 120 депутаттан турат. Ал мыйзамдарды ка­был алат жана иштеп чыгат, премьер-министрди тандайт жана министрлер кабинетинин курамын бекитет, ошондой эле аткаруу бийлигинин ишин көзө­мөлдөйт. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Л-до көп пар­тиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Лесото демокр. конгресси, Улуттук көз каранды эмес партия, Басуто би­риккен конвенциясы, Васуто улуттук партия­сы, Лесото жумушчу партиясы.

Табияты.

Л. - жери деңиз деңгээлинен 1400 м бийик жайгашкан тоолуу өлкө. Өлкөнүн батыш чек арасы боюнча кууш тилкени түзүп, денудациялык түздүктөр жана платолор (Бийик Велддин бир бөлүгү; бийикт. 1400-1800 м) созулуп жатат. Алар чыгышта Малути (бийикт. 3262 лгге че­йин) жана жанартоолуу Лесото тайпак тоосунун батыш бөлүгүн түзгөн Тхаба-Пуцоа кырка тоо­лоруна (3096 м) такалат. Платолор Сенцгу (Оранж) жана Макхаленг д-нын өрөөндөрү менен терең тилмеленген. Өлкөнүн чыгышында жана түштүгүндө Дракон тоолору созулуп жатат; ан­дан өлкөнүн эң бийик жери (3482 м) - Тхабана­Нтленьяна чокусу орун алган. Өлкөнүн аймагы байыркы платформанын терең синеклизасында жайгашкан. Эн маанилүү жана дүйнөдөгү эң кым­бат кен байлыгы - алмаз; ошондой эле уран, отко чы­дамдуу чопо, курулуш материалдары (таш, кум, шагыл), көмүр, сланец кендери бар.

Л. субтропиктик климаттык алкакта жайгаш­кан, бирок жеринин бетинин бийиктигине бай­ланыштуу температуралык көрсөткүчтөрү боюнча мелүүн континенттик климаттуу аймакка киргизүүгө болот. Январдын орт. температурасы 25-26°С (кээде 30°Стан ашат), тоолордо 15°С; июлдуку 15°С, үшүк да болот, тоолордо -20°Ска чейин төмөн­дөшү мүмкүн, бурганак да байкалат, бийик тоо­лордун кыр бөлүктөрүнө кар катмары пайда болот. Түздүктөрүндө 300 лглгден тоолорунда 1600 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Жаанчыл мезгили (85%тен ашыгы) октябрдан майга че­йин созулат. Чыгышында алаамат нөшөр жүрүп, дарыялары ташкындайт. Дарыя тармагы жыш, суусу молекулалык Бардыгы Атлантика океанынын ала­бына кирет, эң ирилери: Сенцгу (Оранж) жана анын куймалары - Макхаленг, Каледон (Мо-

ЛЕСОТО

хокаре). Дарыялары босоголуу, гидроэнергия­га бай.

Өлкөнүн батыш бөлүгүнө кумдуу, жука кат­марлуу, чыгышына күрдүү, жанартоо топурак­тары мүнөздүү. Эрозия - өлкөнүн эң негизги экол. проблемаларынын бири. Аянтынын дээр­лик 4/5 бөлүгүн бадалдар жана кылкан өсүмдүктүү талаа ээлейт. Батышында Бийик Вельддин кыл­кандуу-дүйүм чөптүү талаа өсүмдүктөрү тарал­ган. Токойдун чакан массивдери дарыя өрөөн­дөрүндө жана терең капчыгайларында кездешет. Коргоого алынган аймак өлкөнүн аянтынын 0,2%ин ээлейт. Дракон тоолорунда, ТАР менен чек арасында Сехлабатхебе улуттук паркы жайгаш­кан, ал трансчекара резерватынын курамына кирет. Ал - антилопа, көк жору, балта жутар ж. б. сейрек кездешүүчү жаныбарлардын мекени.

Калкы.

Л-нун калкынын басымдуу бөлугү - бантулар. Калктын табигый өсүүсү 0,12% (2009). Төрөлүү (1000 адамга 24,1 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 22,2 адам) бир аз ашат. Калктын 90% ке жакыны - христиандар, анын 50% и - католиктер, 40% тейи протестант деноминация­сынын өкүлдөрү (негизинен лютеран, англикан­дар), 9%тейи жергиликтүү диндерди туткандар. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 40,4 жыл (эр­кектики 41,2, аялдыкы 39,5 жыл). Миграция­лык сальдо терс мааниде (1000 тургунга -0,78); эмгекке жарамдуу калктын ^/^и ТАРга иштөөгө кетет. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2жерде 62

адам. Шаар калкы 25% (2010). Эң ири шаары - Масеру; башка шаарлары: Хлоце, Мафатенг, Тея­теяненг.

Тарыхы.

Сан (бушмендер) жана кой-коин (гот­тентоттор) уруулары Л-нун жергиликтүү калкы болуп эсептелет. Аларды 17-к-да түндүктөн келген көчмөн суто (басуто) уруулары сүрүп чыгып, алардын бир жамаатын башкарган Мошеш I 1820-30-ж. ар кыл уруудан бирикме түзгөн. 1830- жылдары суто менен бурлардын ортосунда кагы­лышуулар башталган. 1856-68-ж. бурлар менен болгон согушта сутолор маанилүү аймактары­нан ажыраган. 1884-ж. Л. Улуу Британиянын Басутоленд протектораты деп расмий түрдө жа­рыяланган. Британ бийлиги протекторатка баш­каруу системасын киргизген, натыйжада комис­сар-резидентке баш ийген уруу башчылар кеңе­ши институту сакталган. 1910-ж. Басутолендде ал­гачкы саясий жана коомдук уюмдар (Басутоленд­дин прогрессчил ассоциациясы, Жардылар ли­гасы ж. б.) пайда болуп, коомдук реформалар­дын жүргүзүлүшүнө жетишкен, коом турмушун демократташтыруу, колониялык бийликти жоюуну, чет элдик компаниялардын иштерин чектөөнү талап кылган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин африкалык саясий партиялар: Басуто­ленддйн африкалык конгресси (1952-ж.), 1959- жылдан Басуто конгрессинин партиясы (БКП), Басуто улуттук партиясы (БУП) түзүлүп, өлкөдө улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн. Басуто­ленд 1965-ж. ички иштерин өзү башкаруу уку­гун алган. 1965-ж. парламенттик шайлоодо жеңген Басуто улуттук партиянын (БУП) лиде­ри Ж. Л. Жонатан премьер-министрликке да­йындалган. 1966-ж. 4-октябрда улуттардын Бри­тан шериктештигинин курамындагы көз каран­дысыз Л. королдугу түзүлгөн. Ошол эле жылы Л-нун конституциясы кабыл алынып, БУУга жана Африка биримдиги уюмуна мүчө болгон. 1970-80-ж. ТАР менен Лесотонун ортосунда ма­милелер начарлап, 1986-ж. 20-январда өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш болгон. Бийликти Аскердик кеңеш басып алып, бардык саясий партия­лардын жана коомдук уюмдардын ишине тыюу салган. 1993-ж. Л-до жүргүзүлгөн парламенттик шайлоодо БКП жеңишке жетип, Н. Мохехле башында турган өкмөт түзүлгөн. Апрелде өлкө­нүн жаңы Конституциясы кабыл алынган.

Лесото акчасы лоти.

1998-ж. майда өткөн парламенттик шайлоо­до Лесото демокр. конгресси (ЛДК) партиясы жеңишке жеткен. Декабрда конституциялык тартипти калыбына келтирүү үчүн партиянын лидери Б. П. Мосисили жетектеген 12 партия­нын өкүлдөрүнөн турган Убактылуу саясий орган түзүлгөн. Бул орган Конституцияга өзгөр­түүлөрдү киргизип, жаңы парламенттик шай­лоолорду өткөрүүнү даярдаган. Натыйжада 2002- жана 2007-ж-да өткөрүлгөн шайлоолор ЛДК парти­ясынын жеңиши менен аяктаган.

Чарбасы.

Л-нун чарбасы ТАРдын экономика­сы менен айкалышкан. Кирешенин басымдуу бөлүгү Йоханнесбург шаар агломерациясына (ТАР) сууну (ө. ж., тиричилик жана а. ч. үчүн) экспорттоодон түшөт. ТАРда иштеген эмгек мигранттарынан жана Түштүк Африка бажы сою­зунун бажы алымынан түшкөн акчанын маа­ниси да зор. Ошондой эле Л-го АКШ, Европа союзу өлкөлөрү (Улуу Британия, Германия ж. б.), ТҮРДҮҮ уюмдар (Бүткүл дүйнөлүк банк, Африка өнүктүрүү банкы ж. б.) жана фондулар кыйла жар­дам берет.

ИДПнин көлөмү 3,3 миллиард доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,8 миң доллардан туура келет. ИДПнин структурасында ө. ж-нын үлүшү 46% , тейлөө чөйрөсүнүкү 39%, а. ч-ныкы 15% (2008). ИДПнин реалдуу өсүүсү 6,8% (2008). Сенцгу (Оранж) д-нда эл аралык долбоордун чегинде бир нече суу сактагыч жана гидроэлектр станция курулууда. Өндүрүлгөн электр энергия (2007-08-ж. 514 миллион кВт-с) ички муктаждык­тын 90% ин канааттандырат, калган бөлүгүн ТАРдан алат. 2007-ж. 114 миң кар алмаз өндү­рүлгөн. Иштеп чыгаруучу ө. ж-нын башкы тар­мактары - текстиль жана тигүү ишканалары. Жинси, спорттук кийим тигүүчү фабрикалар иш­тейт. Айрым ишканалары бут кийим ултарып, азык-түлүк чыгарат.

Агрардык өндүрүшү - өлкөнүн калкынын жары­мына жакынынын кирешесинин негизги була­гы болуп саналат. А. ч-нын негизги тармагы - мал чарбачылыгы (продукциясынын жарымы экспорттолот). Өлкө аймагынын 11% аянты иш­тетилет, күрдүүжери 1%кечейин; кургакчылык кайталанып турат. Негизги а. ч. өсүмдүгү - жү­гөрү (айдоо аянтыңын 2/3син ээлейт); ошондой эле ак жүгөрү, буудай, төө буурчак, нокот өстүрүлөт.

Летсенг алмаз кени.

Автомобиль жолунун уз. 2370 км; эл аралык аэропорту Масеру ш-на жакын жайгашкан. Экс­портко суу, кийим, бут кийим, жүн, тыбыт, азык-түлүк, тирүү мал чыгарып, сырттан азык­түлүк, курулуш материалдарын, машина жана жабдууларды, дары-дармек, нефть продуктула­рын алат.

Маданияты.

Вилим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону; милдеттүү акысыз башталгыч жана кесиптик-техникалык даярдоону; орто жана кесип­тик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жо­гору калктын сабаттуулугу 84,8%ти түзөт (2012). 20 мамлекеттик, 15 мамлекеттик эмес ЖОЖ бар, анын ичинде Лесото улуттук университети (1945) Рома ш-нда, Политех. институту (1906), Айыл чарба коллежи (1955), Л. улуттук архиви (1958), Л. улуттук китепкана­сы (1976), музейлери Масеру ш-нда жайгашкан. Англис жана сесуто тилдеринде гезит-журналда­ры чыгат.

Ад.. Богомолов В.А. Лесото - прошлое и настоящее. М„ 1990; Лесото // Большая Российская энциклопе­дия. Т. 17. М„ 2010.