ЛЕПЕШЙНСКАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕПЕШЙНСКАЯ Ольга Владимировна [15 (28). 9. 1916, Киев - 20. 12. 2008, Москва] - орус со­вет бийчиси, педагог, СССРдин эл арт. (1951).

О. В. Лепешинская. А. М. Герасимов тарткан портрет. 1939. Третьяков га­лереясы. Москва.

Москва хореогр. окуу жайын бүткөн. 1933- 63-ж. Чоң театрдын балет труппасынын артис­ти. Л. Лиза (Гертель, «Курулай сактык»), Маша, Аврора (П. Чайковский, «Щелкунчик»; «Уйку­дагы сулуу»), Китри (Л. Минкус, «Дон Кихот»), Золушка (С. Прокофьев, «Золушка»), Тао Хоа (Р. Глиэр, «Кызгалдак») ж. б. каармандардын партияларын аткарган. Драмалык таланты,

өз­гөчө темпераменти, виртуоздуу техникасы менен классикалык бийдин таасирдүүлүгүн арттырган. Л. драмалык, ошондой эле комедиялык партияларды да мыкты аткарган: Жанна (Б. Асафьев, «Па­рижжалыны»), Мирандолина (Василенко, «Ми­рандолина») Сванильда (Л. Делиб, «Копелия») ж. б. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында атайын бригадалардын катарында майдандагы жоокерлерге концерт берген. 1963-жылдан оку­туучу, педагог жана репетитор болуп Италия, Гер­мания, Швеция ж. б. өлкөлөрдө иштеген. Бир нече жолу Кыргызстанга гастролго келген. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1941, 1946, 1947, 1950). Үч орден жана медалдар менен сыйланган. 1991- жылдан Россия хореогр. ассоциациясынын пре­зиденти болуп иштеген.

Ад: Илупина А. 0. В. Лепешинская//Мастера Боль­шого театра. М., 1976; Солодовников А. В. 0. Ле­пешинская. М., 1983.