ЛЕНИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 15 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич [10 (22). 4. 1870, Симбирск, азыркы Ульяновск - 21. 1. 1924, Москва губерниясы Горки кыш.] - орустун коом­дук-саясий ишмери, Советтик Союз. коммунисттик партиясын жана Совет мамлекетин (к. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу) не­гиздөөчү, Совет өкмөтүнүн алгачкы жетекчиси (1917-24), К. Маркс, Ф. Энгельс тарабынан негиз­делген коммунизм жөнүндө илимий-теориялык окуунун улан­туучусу. 1887-ж. Симбирск гимназиясын алтын медаль менен бүтүрүп, 1887-ж. Казан университетинин юридикалык факультетине өткөн. Ошол эле жылы декабрь айында студенттердин революциячыл жыйындарына катышканы үчүн университеттен чыгарылып, Казан гу­берниясынын Кокушкино кыш-на айдалган. 1891-ж. Санкт-Петербург университетинин укук факультетине экзаменди экстерн тапшырып, Самарада адво­каттын жардамчысы болуп иштеген. 1893-ж. Петербургга келип, марксисттик ийримдерге ка­тышкан. Анын түздөн-түз демилгеси жана жетек­чилиги менен 1895-ж. күзүндө Петербург ш-ндагы марксйсттик ийримдер бир уюмга - «Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзу­на» бириккен. Падышалык бийликке каршы кыймылдарга катышып, бийликти кулатууга үндөгөнү үчүн 1895-ж. декабрда камакка алы­нып, 1897-ж. Енисей губерниясынын Шу­шенский кыш-на 3 жылга сүргүнгө айдалган. Сүргүндөн кийин 1900-ж. чет өлкөгө кетүүгө мажбур болуп, В. Г. Плеханов, П. Б. Аксельрод, В. И. Засулич, Ю. О. Мартов жана А. Н. Потре-

В. И. Ленин Кызыл аянтта чогулган элдин алдында сүйлөп жаткан учур. 25-март. 1919-ж. Москва.

сов менен бирге «Искра» гезитин чыгара башташ­кан. 1900-ж. декабрь айында «Искра» гезитине басылган бир макаласын «Ленин» деген псевдо­ним менен чыгарып, бул анын түбөлүк ысмына айланган (мындан тышкары В. Ильин, В. Фрей, Ив. Петров, К. Тулин, Карпов ж. б. псевдоним­дери болгон). 1903-ж. РСДРПнин 2-съездинде (Брюссель, Лондон) добуш берүүдө социал-де­мокр. кыймыл болыиевиктер (көп добуш бер­гендер) жана меныиевиктер болуп бөлүнүп, мын­дан ары болыпевиктер партиясын Л., меньше­виктерди Мартов жетектей баштаган. 1904-ж. Л-дин демилгеси жана жетекчилиги менен Женева­да болыпевиктердин биринчи «Вперёд» гезити (1904-05) чыгарыла баштаган. Бул мезгилде Л. РСДРП БКнын курамынан чыгарылган [7 (20). 2. 1905]. 1905-ж. 8 (21)-ноябрда Л. эмиграция­дан Петербургга келип, болыпевиктер партия­сын куралдуу көтөрүлүшкө даярдоо планынын үстүндө иштеп, «Жаңы турмуш» гезитин чыга­ра баштаган. Полициянын куугунтугуна байла­ныштуу 1906-08-ж. кайрадан чет өлкөлөрдө (Финляндия, Швейцария, Франция) эмиграция­да болгон. 1917-ж. Февраль революциясынан кийин Л. эмиграциядан Петроградга кайтып ке­лип, 4-апрелде социалисттик революциянын жеңиши жөнүндө сүйлөгөн («Апрель тезистери»). 1917-ж. июль айында өлкөдө кош бийлик жоюлуп, бийликке келген Убактылуу өкмөт Л-ди камакка алуу тууралуу буйрук берген. 1917-ж. 7-октябрда жа­шыруун түрдө Выборгдон Петроградга келип, Смольныйда штаб уюштуруп, 24-октябрда баш­талган куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. Совет­тердин бүткүл россиялык 2-съездинде Л. ЭКСтин төрагалыгына шайланып, 1918-жылдан жу­мушчу-дыйкандардын коргонуу советинин төра­гасы, Бүткүл союздук БАК (ВЦИК) менен БАК­тын (ЦИК) мүчөсүнүн кызматын аткарган. 1918-ж. Германия менен Брест-Литовск тынчтык келишимин түзүүдө чоң салым кошкон. Мын­дан тышкары Л-дин жетекчилиги менен СССР мам­лекети, Совет өкмөтү, Кызыл Армия (к. Со­веттик армия) ж. б. түзүлгөн жана жаңы

бий­ликти чындоо үчүн «согуш коммунизми», жаңы экономикалык саясат (НЭП) ж. б. иш-чаралар жүргүзүл­гөн. 1918-19-ж. Германия жана Австрия-Венгрия­дагы монархиялык бийликтин кулашын Л. жана анын тарапкерлери дүйнөлүк пролетардык революциянын башталышы катары эсептешкен. Л. башка мамлекеттерде революциялык процесстерди күчөтүү үчүн Коммунисттик интернационалды түзүүнү сунуштап, 1919-жылдын 2-6-июнунда Москвада өткөн Коммунисттик интернационал­дын 1-конгрессинин ишин жетектеген. 1923-жыл­дан кийинки негизги эмгектерине «Эл достору деген эмне жана алар социал-демократтарга кар­шы кандай күрөшүп жатат» (1894), «Россияда капитализмдин өнүгүшү» (1899), «Эмне кылуу керек?» (1902), «Бир кадам алга, эки кадам арт­ка» (1904), «Материализм жана эмпириокрити­цизм» (1909), «Империализм - капитализмдин жогорку стадиясы» (1916), «Мамлекет жана ре­волюция» (.1917), «Биздин революция жөнүндө», «Аз болсо да жакшы болсун» ж. б. макалалары жана «Съездге кат», «Улуттар жөнүндөгү же “Ав­тономиялаштыруу” жөнүндөгү маселеге карата» ж. б. каттары кирет. Л-дин өмүр таржымалын жана жасаган иштерин изилдөө үчүн РСФСРде жана СССРде атайын мекемелер түзүлгөн: В. И. Ленин атындагы Коомдук-тарыхый музей (1919), Партиянын тарыхы алдындагы Ленин­дин музейи (1920), В. И. Ленин институту [1923; 1931- жылдан ВКП(б) БКнын алдындагы Маркс - Эн­гельс - Ленин институту, 1956-жылдан КПСС БКнын алдындагы Марксизм-Ленинизм институту], кийин Москвада ушул институттун алдында В. И. Лениндин Борбордук музейи ачылган. СССРде Л. жашаган үйлөр музейлерге айланган. Мындай үй-музей­лер Ульяновскиде (1923), Казанда (1937), Татар­стан Респ-нын Пестречинск р-нунун Ленино-Ко­кушкино айылында (1939), Куйбышевде (азыр­кы Самара, 1939), Шушенский кыш-нда (1938) ж. б. жерлерде ачылган. Л-дин эмгектери дүйнө жүзүндө эң көп нускада жарык көргөн. СССРде Л-дин чыгармаларынын биринчи басылышы 1920-26-жылдары (1-20-т.) чыккан. Л-дин аты­нан Ленин чокусу, Ленин мөңгүсү, Ленинакан платосу, Москвадагы Ленин (азыркы Воробьё­вы) дөңсөөсү, Ленинград (Санкт-Петербург), Ульяновск, Ленинск, Ленинск-Кузнецк, Лени­ногорск, Ленинабад (азыркы Хожент), Ленина­кан (азыркы Гюмри) шаарлары, көптөгөн кыш­тактар, Москва метрополитени ж. б. аталган. Л-дин урматына Ленин ордени жана Ленин атындагы сыйлык түзүлгөн.

Эмг.: ПСС. 5-е изд. М., 1958-1965. Т. 1-55.

Ад.: Лениниана: Библиографический указатель произведений В. И. Ленина и литературы о нём. М., 1971-1990. Т. 1-10.