ЛАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:19, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАД - 1) түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу, туруксуз добуш баскычтары­нын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулуу­су. Ладдын добуштары мындан тышкары консо­нанстык үндөштүккө жана негизги добуш баскы­чында түзүлгөн үч үндүүлүккө тартылат. Ладдагы биринчи баскычта түзүлгөн үндөштүктүн негиз­ги добушу тоника, калган экөө - терция, квин­та деп аталат. Лад добуштары баскычтар деп ата­лат жана рим сандары менен тоникадан жогору карай белгиленет. Лад баскычтарынан түзүлгөн добуш катары гамма деп аталат. Лад тоникасы анын тоналдуулугун аныктайт (мисалы, мажор ладында тоника до болсо, анда ал до мажор бо­лот). Лад жети негизги баскычтан жана алардын бийиктетилген, төмөндөтүлгөн түрлөрүнөн тү­зүлсө, ал диатоникалык лад болот, ал эми ладдын жети баскычынын арасындагы жарым тондор­ду кошуу менен 12 баскычты камтып түзүлсө, ал хроматикалык лад болуп эсептелет. Лад мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде музыкалык чыгармалар жа­ралат, гармониядагы добуштардын байланышы­на шарт түзөт; 2) кылдуу чертме музыыкалык аспаптар­дын мойнунан орун алган бөлүнүүлөр - бере­нелер да ладдар деп аталат.

Ад.: Тюлин Ю. Н. Натуральные и альтерационные лады. М., 1971.