ЛЕВИРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:53, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕВИРАТ (лат. 1еухг - күйөөнүн агасы же ини­си) - жесирди кайнисине же кайнагасына, кээ­де өлгөн күйөөсүнүн жакын туугандарынын би­рине алып берүү нике салты. Бул салт уруучу­лук коомдо пайда болуп, Кавказ ж-а Ж. Чы­гыш элдеринде кеңири тараган. Топ никенин кал­дыгы же полиандрия катары Л. уруучулук коом бузулуу доорунда ж-а таптык коомдо көпкө сак­талган. Л-тын бул доорлордо сакталышына калың төлөө (калың төлөнгөн аял аны төлөгөн уруунун же үй-бүлөнүн менчиги деп эсептелген) себеп болгон. Мурда кыргыздарда жесирдин бой­док кайни, кайнагалары жок болсо, үй-жайлуу туугандарынын бирине токол катары нике кыйган.