ЛАТЫН ТИЛИ —

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:53, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЫН ТИЛИ — борбору Рим болгон байыркы Лациум латын урууларынын тили. Индевропа тил уясынын италик тобуна кирет. Римдин Галлияны, Ибер ж. а-н, Түн. Африканы, Бри­танияны, Рейн бою Германияны, Норикти, Паннония м-н Дакияны басып алышы ал өлкө­лөргө Л. т-нин таралышына ж-а жерг. тилдер­дин жоюлушуна алып келген. Рим талкалан­гандан кийин Л. т. да бир нече тилге бөлүнүп кеткен (к. Роман тилдери). Л. т. Европадагы классикалык эки тилдин бири болгон. Тамга аттары көбүнчө ойдон чыгарылган ж-а тыбыш­тарды туюнтчу белгилери 5-к-да иретке келти­рилген. А. т-нин өнүгүүсүн бир нече этапка бөлүшкөн. Байыркы жазма эстеликтери б. з. ч. 3-к-га таандык. 9-к-дан Л. т. сүйлөө тили ката­ры колдонулбай калган, бирок 12-13-к-га че­йин Л. т. адабий чыгармалардын, 15-16-к-га чейин чиркөөнүн, илимдин, юриспруденция­нын, медицинанын тили катары колдонулган. О. эле көп тилдердин өнүгүүсүнө (роман, фран­цуз, португал, испан) чоң таасир тийгизген. 16- к-дан бери католик таат-ийбадатында (богос­лужение), ил. терминологияда гана колдо­нулган. Кийин 19-к-дын аягы - 20-к-дан башын­да Л. т-не кайрадан көңүл бурулуп, аны колдо­нууга ж-а жайылтууга мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштады. Мис., Германияда «Уох ЬаНпа», Ва­тиканда «ЬаПпИаз» журналдары чыгарылып, Финляндиянын айрым радиоуктурууларында, о. эле интернет булактарында колдонула баш­тады.

Ад.: Ярхо В. Н„ Побода В. И„ Кацман Н. П. Ла­тинский язык. М., 1994; Мирошенкова В. И„ Федо­ров Н. А. Учебник латинского языка. М., 1994.