ЛАТЕКСТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:53, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТЕКСТЕР - полимерлердин суудагы диспер­сиялары. Табигый Л. - каучук өсүмдүктөрүнүн (бразилия гевеясынын) сүт сымал ширеси. Анын курамында 34—37% каучук, 52—60% суу, бир аз белок, кант ж-а минерал заттары болот. Таби­гый Л-дин курамы дарактын жашына, климат­тык шартка, жыл мезгилине ж. б. шарттарга байланыштуу. Анын бетинде адсорбцияланган беттик активдүү заттар болот да, Л-ди коагуля­циядан сактайт. Табигый Л. табигый каучук алууда ж-а резина буюмдарын даярдоодо кол­донулат. Синтездик Л. - эмульсиялык полимер­лөөдөн пайда болгон синтездик каучуктардын суудагы дисперсиялары. Булардан башка син­тездик Л-ге поливинилацетат, поливинилхло­рид сыяктуу пластиктердин дисперсиялары да кирет. Синтездик Л. - коллоиддик система. Алардын агрегаттык туруктуулугу эмульгатор­лордун молекуласы же иону м-н байланыштуу болот, полимер материалдарынын ичинен кол­донушу б-ча синтездик Л. биринчи орунда ту­рат. Резина буюмдарын, сууга аралашуучу боёк­торду, тери иштетүүдө, кагаздарды каптоодо, курулушта, полиграфия, хим. ө. ж. ишканала­рында желим катары колдонулат.