ЛАВРЁНТИЙ ДӨҢСӨӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:02, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАВРЁНТИЙ ДӨҢСӨӨСҮ Түн. Американын түн.-чыгышында; негизинен Канаданын, бир аз бөлүгү АКШнын аймагында. Түш.-чыгышынан Аппалачи дөңсөөлөрү, түштүгүнөн Борб. түздүк­төр, түш.-батышынан Улуу түздүктөр, батышы­нан Маккензи өрөөнү, түндүгүнөн Гудзон булу­ңунун ойдуңу м-н чектешет. Түндүгүндө ж-а түн.- чыгышында Түн. Муз., Атлантика океандары­на чыгат.

Тектон. жактан Канада калканынын негизги бөлүгү; пенеплендешүүгө дуушарланган. Аянты 5 млн кмг чамасында. Жеринин бети жанта­йыңкы, кудүрлүү, басымдуу бийикт. 200-400 м; чыгыш бөлүгү (Лабрадор ж. а.) кыйла көтөрүң­кү, жээкке жакын тоолуу рельеф мүнөздүү; мын­да Л. д-нүн эң бийик жери - Торнгат тоосу жай­гашкан, анын бийикт. 1595 мге чейин. Плей­стоценде аймакты муз текши каптаган, муздун калыңцыгы 3000 мге чейин жеткен. Муз каптоо­ну деңиз трансгрессиясы коштогон. Муз каптоо­дон дөбө-дөңсөөлуү, морена туздүктөрү, друм­линдер, жалдар, океан трансгрессиясынан көл­дөр пайда болгон. Бут аймагы өтө саздашкан, көлдүү. Кендерге (темир ж-а жез кенташтары­на, никель, алтын, уран ж. б.) бай.

Л. д. мелүүн жана субарктикалык климат ал­кактарында жайгашкан. Кышы узакка созулуп, кар арбын жаайт. Жай мезгили кыска, муз м-н капталган. Гудзон булуңунун ж-а Лабра­дор муздак агымынын таасиринен серүүн. Бар­дык жеринде көп жылдык тоң кездешет. Дарыя­лары жыш, босоголуу, шар агат, көбү көлдөрду туташтырып турган салаалар болуп саналат. Тундра, токойлуу тундра ж-а тайга зоналары мүнөздүү. Тундра зонасы региондун 2/( бөлүгүн ээлеп, анда мамык чөп-эңилчектүү ж-а бууда­йыктуу өсүмдүктөр, бадалдар (жапалак кайың, багульник ж. б.) өсөт. Токойлуу тундра ж-а түн. тайга сейрек токоюнда негизинен кара кара­гай, бальзам көк карагайы (чыгышында), ак карагай (батышында) ж-а бальзам тереги (да­рыя өрөөндөрүндө) басымдуу. Л. д-нүн түш. бө­лүгү тайга тибиндеги ийне жалбырактуу токой м-н жыш капталган; чыгыш бөлүгунун токою өтө ар турдүу, анда ак банкс ж-а кызыл кара­гайлар, канада гемлогу басымдуу; аларга ара­лаш ак чечек, кайың, байтеректин турлөрү өсөт. Экол. абалы негизинен канааттандырарлык; айрым бузулуулар кен казып алынган аймак­тарда байкалат. Түш. бөлүктөрүндө АКШнын чектеш аймактарынан келген кислоталуу жаан­чачындын таасиринен атм-нын булганышы бай­калат. Коргоого алынган эң ири аймактары: ЮНЕСКОнун Маникуаган - Уабишка биосфера

резерваты, Телон резерваты (кой бука популя­циясын коргоо).

Ад.: Витвицкий Г. Н. Климаты Северной Америки. М., 1953; Игнатъев Г. М. Северная Америка. Физи­ческая география. М., 1965; Физическая география материков и океанов/Под ред. А М. Рябчикова. М., 1988; Кулышев Ю. А. Канада. М., 1989.