ЛЕКСИКОГ-РАФИЯ
ЛЕКСИКОГ-РАФИЯ (лексика ж-а ...графия) - тил илиминин бир бөлүгү. Тилдин сөздүк курамын же лексикасын изилдейт. Изилдөө процессинде тилдин сөздүк курамынын мыйзам ченемдерин карайт, сөздөрдүн стилдик классификациясын, сөздөрдү адабий тил нормасында ылгоонун жолдорун, профессионализм, диалектизм, архаизм, неологизм, туруктуу сөз айкаштарын (к. Идиоматика, Фразеология) нормага салуу сыяктуу маселелерди иштеп чыгат. Коомдук-саясий ж-а ил.-тех. терминология Л-нын өзүнчө бир бөлүгүндө изилденет. Л. м-н семасиология, этимология, сөз жасоо ж-а стилистика, лексикография тыгыз байланыштуу. Теор. лексикография 20- к-дын экинчи жарымында калыптанган. Сөздүктөрдүн биринчи ил. типологиясын Л. В. Щерба түзгөн. Л. тил илиминин бардык бөлүгү, айрыкча лексикология м-н тыгыз байланышта.
Ац.: Юнусалиев Б. М. Киргизская лексикология. Ф., 1959; Орузбаева Б. Адабий тилдин жалпы элдик негизи жөнүндө. Ф., 1968.