«ЛА СКАЛА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЛА СКАЛА» (италянча ТеаГго а!1а 8са1а) - Италиянын Милан ш-ндагы 1778-ж. ишке ки­ришкен опера театры. Дүйнөлүк опера мад-ты­нын ири борборлорунун бири. Арх. Ж. Пьерма­рини долбоорун түзүп, эски Санта-Мария-дел­ла-Скала чиркөөсүнүн ордуна салынган театр­ды «Л. С.» деп аташкан. 19-к-дан тартып, театр дүйнөлүк опера өнөрүнүн борборуна айла­нып, анда атактуу ырчылар, композиторлор эм­гектенген. 1955-ж. театрдын филиалы ошол эле шаарда уюштурулуп, «Р1ко1а 8ка1а» («Пикко­ла Скала» - «Кичи Скала») деп аталган. Анда көбүнчө камералык опералар коюлат. «Л. С-да» Б. Миңжылкыев стажировкада болгон (1968).