ЛАПТЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАПТЕВ Дмитрий Яковлевич [1701, Великие Луки уезди, Болотов кыш. - 20 (31). 1. 1767, ошол эле жер] — орус уюл изилдөөчүсү, деңиз саякатчысы вице-адмирал (1762). 1718-ж. Бал­тика флотунда гардемарин болуп кызмат кыла баштаган. 1736-ж. 2-Камчатка экспедициясы­нын түндүктөгү бир отрядын жетектеген. На­тыйжада «Иркутск» кемесинде сүзүп, кургак­тыкта чана м-н жүрүп (1739-42), алгачкылар­дан болуп Түн. Муз океанынан чыгышты карай Лена д-нын чатынан Чоң Баранов тумшугуна чейин (Колыма д-нан чыгышка) жеткен ж-а бул жерлерди сыпаттап жазган. Яна, Индигирка, Хрома, Колыма, Чоң Анюй ж-а Анадырь д-н Анадырдан Охота денизиндеги Пенжина кол­тугуна чейин картага тушүрүп, Ыйык Антоний а-н да изилдеген. Анын ысмынан Лена д-нын дельтасындагы тумшук, Чоң Лиховск а. м-н Азиянын ортосундагы кысык, Түн. Муз

океа­нындагы деңиз аталаш туугандар Лаптевдер­дин урматына аталган.