ЛА-ПЛАТА
ЛА-ПЛАТА (испанча К1о <1е 1а Р1а1а - күмүш дайра) - Атлантика океанындагы булуң, Түш. Американын түш.-чыгыш жээгинде. Парана ж-а Уругвай д-нын эстуарийи. Уз. 320 км, жазылыгы 220 кмге чейин, тереңдиги 10-20 м. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийикт. 1 мге чейин). Ири шаарлары ж-а порттору: Буэнос-Айрес (Аргентина) ж-а Монтевидео (Уругвай).