ЛАОС (ЛАОТЯН) ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАОС (ЛАОТЯН) ТИЛИ - лаолордун тили, Лаостун расмий тили. Лаоско, Тайланддын түн.- чыгышына, Кытайдын түш.-чыгышына ж-а Камбожага тараган. Тайланддын түн.-чыгышын­да «лао-исан» же «тай-исан» деп да аталат. Бул тилде 12 млндон ашык киши сүйлөйт (2010). Кы­тай-тибет тил уясынын тай тобуна кирет. Бир нече диалектилерге бөлүнөт. Л. т. обочолонмо тилдерден, сүйлөмдө сөздөрдүн орун тартиби ту­руктуу ж-а аналитикалык жол м-н байланы­шат. Л. т-нин Лаос аймагындагы алгачкы жаз­малары 13-к-га таандык.