ЛАКОЛ
ЛАКОЛ (моңголчо ула, ола - тоо; түрк ж-а моңгол тилдеринде кол - суу; тоо суусу) - Нарын р-нундагы кыштак. Кара-Кужур айыл аймагына караштуу. Кара-Кужур өрөөнүндө, деңиз деңг. 2640 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 121 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 131 км. Калкы 1001 (2012); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу ж-а соода жайлары иштейт.