ЛАГЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАГЛАН - Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Мады айыл аймагына караштуу. Лаг­лан суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1560 лг бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара­Суу ш-нан 87 км түш. тарапта. Ош т. ж. беке­тинен 88 км. Калкы 1069 (2009); негизинен мал чарбасында эмгекФенет. Орто мектеп, китепка­на, клуб, медпункт бар.