ЛАГАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАГАШ - Шумердеги (азыркы Ирактын түш.- чыгышы) байыркы мамлекет. 19-к-дын аягын­да бул аймакта казуу иштери жүргүзүлүп, Э. де Сарзек жетектеген фр. археол. экспедиция мам­лекеттин маданий борбор шаары - Гирсунун (азыркы Телло), 20-к-дын ортосунда амер. ар­хеол. экспедиция (Т. Якобсен, Ф. Сафар) Лагаш (азыркы Эль-Хиба) ш-нын калдыгын тапкан.

Лагаш. «Айры куй­рук стеласы», фраг­мент. Б. з. ч. 25-к. Лувр (Париж).

Б. з. ч. 5-миң жылдыктын аягында бул аймак­та алгачкы кыштактар пайда болгон. Ур-Нан­ше династиясынын мезгилинде (б. з. ч. 26- 24-к.) мамлекет гүлдөп, ага Лагаш, Гирсу, Нина ж. б. байыркы шаарлар кирген. Ур-Наншенин мурасчылары Эанатум ж-а Энтемен башкарган кезде мамлекеттин аймагы кеңейип, Шумердин кыйла бөлүгүн караткан. Бул мезгилге таандык сакталып калган көптөгөн жазуулар ж-а эсте­ликтер [таш рельефтер, а. и. «Айры куйрук сте­ласы» (б. з. ч. 25-к.) Эанатумдун жеништери­нин урматына арналган. Бау кудайынын чир­көөсүнөн табылган архивде Шумердин коомдук ж-а чарбалык мүнөзү ж-дө маалыматтар чагыл­дырылган] Л. башкаруучуларынын жүргүзгөн социалдык реформалары ж-дө баяндайт. Л-ты б. з. ч. 24-к-да Аккад падышасы Байыркы Сар­гон басып алган. Гудеа башкарган учурда (б. з. ч. 22-к.) кайрадан жогорулап, көптөгөн өлкө м-н соода жүргүзгөн. Б. з. ч. 21-к-дан Л. мамлекети өзүнүн саясий маанисин жогото баштаган, би­рок парфия мезгилине (б. з. ч. 3-к.) чейин өкүм сүргөн. Гирсу ш-нан табылган археол. эстелик­терди немис шумерологу А. Даймель, орус оку­муштуулары В. В. Струве ж-а И. М. Дьяконов изилдеген.

Ад.: История Древнего Востока. М., 1983; Болыпая Российская Энциклопедия. Т. 16. М., 2010.