ЛАГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАГ (голландча 1о£) - 1) кеменин сууга салыш­тырмалуу ылдамдыгын ж-а басып өткөн жо­лун өлчөөчү прибор. Л. мех. (зым арканга чир­келүүчү калакчалуу айлангыч) ж-а гидравлика­лык (суунун кеме жүргөндөгү динамикалык ба­сымын өлчөөчү) болуп айырмаланат. Өлчөөнүн азыркы ыкмаларына атайын электр-магниттик датчикте суу агымынын негизинде алынган электр тогунун күчүн өлчөө ж-а гидролокатор­ду колдонуп аныктоо (к. Сонар) ж. б. кирет;

2) гидроакустикалык Л. - кеменин ылдамды­гын дениз түбүнө (абс. ылдамдык) ж-а кеменин четтөө бурчуна салыштырмалуу аныктоочу гидроакустикалык станция; 3) өз ара байла­нышкан эки экон. кубулуштун ортосундагы убакыт интервалын мүнөздөгөн экон. көрсөткүч. Анын бири себеп, экинчиси натыйжа болот. Мис., товар өндүрүүнүн башында ж-а аны мас­салык түрдө өткөрүүдө, о. эле кубулушка кара­жат бөлүү м-н курулуш объектилерин ишке кир­гизуү учурунда Л. болот. Л-дын курулуштук, тышкы, ички убакыттык, имитациялык ж. б. түрлөрү бар.