ЛАБРАДОР
ЛАБРАДОР (Лабрадор ж. а-ндагы кендин атынан) - плагиоклаздар тобуна кирүүчү минерал. Альбит м-н анортиттин (50-70%) изоморфтуу кошулмасы. Триклин системасында кристаллданат. Өңү түссүз, агыш же бозомук кара. Жарыкта кочкул көк болуп кубулжуйт (ирризацияланат). Катуулугу 6. С. салм. 2,7-2,75. Негиздүү магмалык тектердин (габбро, базальт, диабаз) курамын түзөт.