БУРЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРЧ – бир чекиттен чыккан ар кандай эки шооладан түзүлгөн геометриялык фигура.(а-сүрөт) Шоолалар бурчтун жактары, ал эми алардын жалпы башталышы – анын чокусу. Кээде ал жалпы башталышка ээ болгон эки шоола менен чектелген тегиздиктин бөлүгү деп аныкталат. Эгер эки бурчтун жактары, чокулары дал келсе, анда алар барабар бурч (конгруэнттүү) болот. Бурч градус же радиан менен ченелет. Эгер эки бурчтун жактары бир түз сызыкта жатып жана жалпы жакка ээ болушса, анда алар жандаш бурч деп аталат.(б-сүрөт) Эгер биринин жагы экинчисинин чокусу аркылуу уланса, анда вертикаль бурч болот.(в-сүрөт) Вертикаль бурчтар өз ара барабар (∠ 1 жана ∠ 2, ∠ 3 жана ∠ 4). Эгер бурч өзүнүн чектеш бурчуна барабар болсо, анда ал тик бурч деп аталат.(г-сүрөт) Бурчтун жактары бир түз сызыкты түзсө, анда ал жайылган бурч.(д-сүрөт) Тик бурчтан кичине бурчтар, ал эми тик бурчтан чоӊ, жайылган бурчтан кичине бурч кеӊ бурч болот.(ж-сүрөт) Кандайдыр конустук бет менен чектелген мейкиндиктин бөлүгү көлөмдүк бурч деп аталат. Анын айрым учуру көп грандуу бурч болот.

Жандаш бурчтар


Б. Э. Канетов.