КОШОЕВ Марат Темирбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОШОЕВ 2 to КОШОЕВ Марат Темирбекович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЕВ Марат Темирбекович (25. 6. 1961-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу шаары) –

юстициянын гене­рал-майору (2008), Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси (1999). 1983-жылы КМУну бүткөн. 1983–85-жылдарда Бишкек шаарындагы 1- Май райондук, 1985–88-жылдарда Бишкек шаардык прокура­тураларында тергөөчү, улук тергөөчү, 1988–91-жылдарда Кыр­гыз ССРинин прокуратура­сында бөлүмдүн прокурору, 1991–93-жылдарда Чүй облустук проку­ратурасында улук прокурор, бөлүмдүн начальниги, 1993–98-жылдарда КРдин Башкы проку­ратурасында бөлүмдүн про­курору, улук прокурору, башкармалыктын на­чальниги, 1998–2004-жылдарда Бишкек шаардык, 2004-жылы Аламүдүн райондук прокурорунун орун ба­сары, 2004–08-жылдарда КРдин Президентинин адми­нистрациясында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы, КРдин Куралдуу күчтөрүн ре­формалоо боюнча ведомство аралык комиссиянын мүчөсү, 2008-жылдан КРдин аскер прокурору-­башкы прокурордун орун басары.