КОШ-ЭТЕР
КОШ-ЭТЕР – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Салам-Алик айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1360 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 49 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 99 км. Калкы 993 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.