КОЧКОР-АТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:05, 10 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР-АТА – Жалал-Абад облусундагы шаар. Ноокен районунун аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, Бишкек – Ош автомо­биль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 618 м би­йикте жайгашкан. Ноокен районунун борбору Масы кыштагынан 13 км батыш тарапта. Облустун бор­бору ж-а темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 56 км. Кочкор-Ата нефть ж-а газ кендерин казып алууга байланыштуу 1952-жылы курула баштаган, алгач «Новостройка» деп аталган. 1953–2003-жылдарда шаарча; 2003-жылдан шаар. Аянты 485 га. Кал­кы 18,1 миң (2022). Шаарда «Кыргызмунайгаз», «Кыргызгеофизика» (нефть-газ кендерин чал­гындоо иштерин жүргүзөт), «Кочкор-Ата айыл курулуш», «Керамика» (кыш ж. б. курулуш ма­териалдарын чыгарат) АКлары иштейт. Үч орто мектеп, гимназия, техникалык коллеж, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, маданият үйү, оорукана, балдар консультациясы, облустук ден соолукту ка­лыбына келтирүүчү оорукана, сквер, спорт ком­плекси, стадион бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Улуу Ата Мекендик со­гушта курман болгондорго эстелик тургузулган.