КОЧАБАМБА
КОЧАБА́МБА – Боливиядагы шаар. Кочабамба департаментинин административдик борбору. Калкы 632 миң, шаар айланасы м-н 900 миң (2012); калкынын саны боюнча Боливиядагы 3 шаар. Нефть ажыратуу, нефть-химия, текстиль, булгаары, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. 1574-жылы негизделген.