КОҢОРЧОК (Ак-Талаа районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 25 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОҢОРЧОК to КОҢОРЧОК (Ак-Талаа районун­дагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢОРЧОК – Нарын облусунун Ак-Талаа районун­дагы кыштак. Коңорчок айыл округуна караш­туу. Алабуга суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1825 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 354 км. Кыштак 1929-жылы орношкон. Калкы 1308 (2022); негизи­нен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, ФАП, мончо бар.