КОҢОРЧОК (Ак-Талаа районундагы кыштак)
КОҢОРЧОК – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Коңорчок айыл округуна караштуу. Алабуга суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1825 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 354 км. Кыштак 1929-жылы орношкон. Калкы 1308 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП, мончо бар.