БАЗАРБАЕВ Шамшы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:21, 30 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРБАЕВ Шамшы [15. 11. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад (азыркы Сузак) району, Долоно-Башат айылы ‒ 23. 04. 2004, Кыргыз Республикасы, Ош шаары] ‒ философ, философия илимдеринин доктору (1998), профессор (1993). Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиӊирген кызматкери (2001). 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Эмгек жолу Кыргыз ССР Илимдер Акедемиясында илимий кызматкер болуудан башталган (1966‒1974). 1974‒1998-жылдары Ош мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, педагогика жана тарых факультеттеринин деканы, 1998-жылдан университеттинин проректору. Ш. Базарбаев 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Негизинен советтик доордо анча маани берилбей, көмүскөдө калган дин багытындагы маселелерди тереӊ изилдеп, аны маданияттын салмактуу бир тармагы катарында таасын көрсөткөн жана республикада биринчилерден болуп ал маселелерге арналган окуу китептерин жазган. Бул эмгектери үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон.

Эмг.: Дин жана үй-бүлө. Ф., 1972; Образ жизни и атеистическое воспитание. Ф., 1990; Рухий маданият жана дин. Ош, 1995; Кыргыз маданиятынын өнүгүү диалектикасы. Ош, 2001.
Б. Солтонбеков.