КОСМОГОНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 28 Апрель (Чын куран) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОГОНИЯ (космос ж-а ... гония) – астроно­миянын асман телолору м-н алардын система­ларынын (Күн системасы, жылдыздар, галак­тикалар ж. б.) пайда болушун ж-а эволюция­сын изилдөөчү бөлүгү. Жылдыз ж-а Күн систе­масынын космогониясы өтө жакшы өнүккөн. 18–19-кылымдарда космогониялык гипотезалар Күн системасынын пайда бо­лушуна гана арналган. 20-кылымдын 2-жарымында асман телолорунун өлчөмүн, массасын, ылдам­дык катыштарын анализдөө Күн системасынын бирдиктүү муздак газ-чаң булуттан ж-а туман­дуулуктан пайда болушу жүнөндөгү божомолдоого алып келген. Гравитациялык күчтүн таасири астында сейректелген чөйрө (газ, тумандуулук) кысылып, анын натыйжасында жылдыз, жыл­дыз системасы ж-а планеталар калыптана баш­тайт. Космогонияны изилдөө объектилери боюнча планеталар, жылдыздар, галлактикалар космогониясы болуп бөлүнөт.