БАПАКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:49, 24 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАПАКОВ Жолаалы [1890, Россия империясы, Жети-Суу (азыркы Чүй) облусу, Пишпек уезди, Кароол-Дөбө айылы – 1918, Пишпек шаары] – Совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшүүчүлөрдөн. 1914-жылы Токмоктогу орус-жергиликтүү мектебин бүтүрүп, 1915-жылы Верный (азыркы Алматы) шаарындагы гимназиянын даярдоо курсуна кирген. 1916-жылы Үркүндө Турпанга барып, кайра келген. 1917-жылы Пишпекте уюшулган «Букара» союзуна мүчө болгон. Пишпекте Совет бийлигин орнотууга катышкан. Пишпек солдат жана жумушчу депутаттарынын уезддик Советинин 1-съездинде Советтин секретарлыгына шайланган. 1918-жылы коммунисттик баштапкы уюмдарды түзүүгө катышкан. 1918-жылы декабрда эсерлер (социал-революциячылар) тарабынан атылып өлтүрүлгөн.

Ад.: Орузбаева К. Б., Даниярова А. С. Базаркул Данияров – первый педагог. Портрет на фоне эпохи. Б., 2021.