БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:40, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Көгирим (Арал) кыштагынан 25 км аралыкта. 1977-жылы ачылып, изилденген. Кен аймагында доломит менен крем­нийлүү сланец жатат. Алардын кошулган же­ринде тектоникалык жарака кетет. Анда халцедон-те­мирлүү брекчия тилкеси кездешет. Мында кварц сыныктары күрөң, сары-күрөң жана кызыл түс­төрдөгү аморфтуу халцедон-темирлүү масса менен камдашып калган. Тилкенин узундугу 150 м ге созу­лат. Запасы 1000 тдай. Таштан майда кооз буюмдарды жасоого болот.