АЛЬТЕРАЦИЯ
АЛЬТЕРАЦИЯ (латынча alteratio – өзгөртөм) м у з ы к а д а – негизги добуш катарына кирген үн баскычтарынын аталышын өзгөртпөстөн алардын бийиктигин жогорулатуу же төмөндөтүү. Альтерация белгилери: # (диез) жарым тонго жогорулатуу, ᒁ (бемоль) жарым тонго төмөндөтүү, X (дубль-диез) бир тонго жогорулатуу, ᒀ (дубль-бемоль) бир тонго төмөндөтүүнү билдирет. Бул белгилерди жоюу ♮ (бекар) колдонулат.
