КОПЕРНИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 1 Апрель (Чын куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОПЕ́РНИК Николай (19. 2. 1473, Торунь, – 24. 5. 1543, Фромборк) – поляк астроному, дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзүүчү. Краков университетин­де (1491–1495) окуган. Билим алуусун Италия­нын Болонья, Падуя, Феррара университеттеринде улант­кан ж-а астрономиядан тышкары медицина, укук боюнча билим алган. 1503-жылы мекенине кай­тып келген. 1512-жылы Фромборк шаарына көчүп ке­лип, азыркы күнгө чейин сакталган өзүнүн об­серваториясында изилдөө

жүргүзгөн. Коперник мамлекеттик ишмер,чебер врач ж-а астроном ка­тары белгилүү. Дүйнөнүн ге­лиоборбордук системасын түзүү анын көп жылдык эмгеги­нин үзүрү болгон. Аны м-н геоборбордук системадагы плане­талардын кыймылы жөнүндө түшүнүксүз көз караштар чечмеленген. 1543-жылы «Ас­ман сфераларынын айланышы жөнүндө» деген жыйнагы жарык көргөн. Ал өзүнүн жыйнагын­да, бардык астрономиялык маселелерди чечүүдө жетек­чи идея катары алып чыгууга аракеттенип, Пто­лемейдин математикалык теориясын өркүндөтүүгө умтул­ган. Коперниктин тригонометриянын өнүгүшүнө кош­кон салымы өзгөчө мааниге ээ. Коперниктин жыйна­гындагы тригонометрияга арналган бөлүмү 1542- жылы өз алдынча алгачкы окуу куралы катары басып чыгарылган. Галилей ж. б. окумуштуу­лар Коперниктин окуусун улантып, өнүктүрө башта­гандан кийин колдоого алынган. Айдагы кра­тер ж-а астероид Коперниктин ысмынан аталган.


Ад.: Гребеников Е. А. Н. Коперник. 2-е изд. М., 1982.